Редакцияот 15.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН

ТОКТОМУ

2023-жылдын 15-ноябры № 606

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынын балансында турган Ысык-Көл облусунун административдик сотунун, Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык сотунун административдик имараттарын жанаша жайгашкан жер участоктору менен Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө

Калктын билим алууга жеткиликтүүлүгү үчүн шарттарды түзүү жана маданиятты жогорулатуу максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин 2023-жылдын 30-июнундагы чечимин көңүлгө алып, "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5, 6-статьяларына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынын балансында турган Ысык-Көл облусу, Каракол шаары, Жамансариев көчөсү, 136 дарегинде жайгашкан Ысык-Көл облусунун административдик сотунун аянты 1404,0 кв. м административдик имаратын (мындан ары - объект) (идентификациялык коду 2-01-02-0005-0001) жана Ысык-Көл облусу, Каракол шаары, Кыштобаев көчөсү, 70 дарегинде жайгашкан Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык сотунун аянты 3441,91 кв.м административдик имаратын (мындан ары - объект) (идентификациялык коду 2-01-01-0018-0012) жанаша жайгашкан жер участоктору менен аларды мектепке чейинки билим берүү системасында жана социалдык-маданий багытта пайдалануу үчүн Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп берсин.

2. Каракол шаарынын мэриясына төмөнкүлөр сунушталсын:

1) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн өткөрүп берилүүчү объекттерди муниципалдык менчикке кабыл алуу жана сакталышын камсыз кылуу;

2) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн өткөрүп берилүүчү объекттерди мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүү;

3) өткөрүп берилүүчү объекттерди жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен күтүү жана андан ары тейлөө;

4) өткөрүп берилүүчү объекттерди так максаттуу багыты боюнча пайдалануу;

5) өткөрүп берилүүчү объекттерди андан ары ээликтен ажыратууну жүргүзбөө.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Төрага

А.У. Жапаров