БЕРДИКЕ БААТЫР АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 19-февралы № 10
Бердике айыл аймагынын «Бердике батыр айыл өкмөтү» мекемеси, Калба айыл аймагынын «Калба айыл өкмөтү» мекемеси жана Жергетал айыл аймагынын “Жергетал айыл өкмөтү” мекемесин бириктирүү жолу кайра түзүүгө уруксат берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылды 29декабрындагы № 370 «Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө» Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 30-мартындагы №177 "Айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүлүп жаткан Кыргыз Республикасынын региондорундагы айыл өкмөттөрүнүн ишин уюштуруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын штаттык саны жөнүндө" токтомун, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92-беренесинин, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы №178 токтому менен бекитилген “Юридикалык жактарды жана филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө” Жобону жетекчиликке алып, Бердике баатыр айылдык кенеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бердике баатыр айыл аймагынын «Бердике баатыр айыл өкмөтү» мекемеси, Талас облусунун Талас районунун, Калба айыл аймагынын «Калбаайыл өкмөтү» мекемеси жана Талас облусунун Талас районунун “Жергетал айыл өкмөтү” мекемесин бириктирүү жолу менен «Беш-Таш айыл аймагынын айыл өкмөтү» мекемесиболуп кайра түзүүгө уруксат берилсин.
2. Мекемелердин мүлкүн инвентаризациялоо жана өткөрүп берүү актысына кол коюу жагы “Бердике баатыр айыл өкмөтү мекемесинин башчысы Э.Т.Тажыкановго жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышы боюнча көзөмөлдү өзүмө калтырам.
Бердике баатыр айыл аймагынын кенешинин төрөгасы |
| Азизбек уулу Улукмырза |