Редакцияот 10.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ПЕРВОМАЙСКИЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 10-октябры № 8/34

Дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын долбоорун бекитүү жана каражаттарды бөлүү жөнүндө

Кыргыз Респбликасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-апрели №230 “Дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндө жобону жана Долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу боюнча нускаманы бекитүү тууралуу” токтомунун негизинде, Первомайский айыл өкмөтүнүн башчысы Э.О. Сартпаевдин “Первомайский айылынын Краснооктябрь №2 орто мектебинин спорт залын жана кийим которчу бөлмөсүн ремонтоо жөнүндө” маалыматын угуп жана талкуулап, айылдык кеңештин XXVIII чакырылышы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2024-жылга дем берүүчү (үлүштүк) гранттар боюнча бюджеттин долбоору 4 185 488 (төрт миллион жүз сексен беш миң төрт жүз сексен сегиз) сом өлчөмүндө бекитилсин.

2. Өздүк салым 1 185 488 (бир миллион жүз сексен беш миң төрт жүз сексен сегиз) сом өлчөмүндө бекитилсин.

3. Первомайский айыл өкмөтүнүн башчысы Э.О. Сартпаевге:

- 2024-жылдын бюджетин түзүдөө бул долбоорду эске алсын;

- долбоорду даярдоого жана ишке ашырууга кеткен чыгымдарды жергиликтүү бюджеттен бөлсүн.

4. Первомайский айыл ѳкмѳтүнүн жооптуу катчысы Т.Кутманалиева, бул токтомду мамлекеттик тилде Кыргыз Республикасынын Юстиция министирлигинен катоодон ѳткѳзсүн.

5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Первомайский айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрайым

З.М. Кочкорова