Редакцияот 19.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ленин айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХХIX сессиясы

 

2024-жыл 19- февраль №8

 

“Ижарага жер берүү  жөнүндө”

 

Жыгач-Коргон айылынын тургуну Койчуманов Байышка Сузак райондук суу чарба башкармамалыгына караган бириктирүүчү каналдын оң жагында кароосуз , суу барбаган жеринен ижарага 0,55га жер аянттын алып иштетүү үчүн жазган арызын жалпы жер маселеси боюнчча түзүлгөн комиссия курамынын отурумунда карап чыгып, комиссиянын берген сунушунун негизинде токтом кылат:

 

1.    Жыгач-Коргон айылынын тургуну Койчуманов Байышка Сузак райондук суу чарба башкармамалыгына караган бириктирүүчү каналдын оң жагында кароосуз калган ошондой эле суу барбаган жеринен 0,55га жер аянттын ижарага берүүгө уруксат берилсин.

 

2.    Токтомду аткаруу жана тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы Ленин айыл өкмөтүнүн башчысы Ч.Мурзакановго милдеттендирилсин.

 

3.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жалпы жер маселеси боюнча түзүлгөн комиссияга жүктөлсүн .

 

4.    Токтом расмий сайтка жарыялангандан кийин жана юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

 

 

Төрага:

 

Н.Калмуратов