ПЕРВОМАЙСКИЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 24-ноябры № 10/40
Дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын долбоорун бекитүү жана каражаттарды бөлүү жөнүндө
Кыргыз Респбликасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-апрели №230 “Дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндө жобону жана Долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу боюнча нускаманы бекитүү тууралуу” токтомунун негизинде, Первомайский айыл өкмөтүнүн башчысы Э.О. Сартпаевдин “Национальный айылынын ички көчөлөрүнүн жолдорун грейдерлөө жана шагыл төгүү жөнүндө” маалыматын угуп жана талкуулап, айылдык кеңештин XXVIII чакырылышы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2024-жылга дем берүүчү (үлүштүк) гранттар боюнча бюджеттин долбоору 4 302 980 (төрт миллион үч жүз эки миң тогуз жүз сексен) сом, анын өздүк салым 1 302 980 (бир миллион үч жүз эки миң тогуз жүз сексен) сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Первомайский айыл өкмөтүнүн башчысы Э.О. Сартпаевге:
- 2024-жылдын бюджетин түзүдөө бул долбоорду эске алсын;
- долбоорду даярдоого жана ишке ашырууга кеткен чыгымдарды жергиликтүү бюджеттен бөлсүн.
3. Первомайский айыл ѳкмѳтүнүн жооптуу катчысы Т.Кутманалиева, бул токтомду мамлекеттик тилде Кыргыз Республикасынын Юстиция министирлигинен катоодон ѳткѳзсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Первомайский айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым | З.М. Кочкорова |