Редакцияот 19.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 19-марты № 121

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 11-мартындагы № 102 "2024-жылдын март-майында жарандарды мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө кезектеги чакыруу үчүн республикалык чакыруу комиссиясын түзүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 11-мартындагы № 102 "2024-жылдын март-майында жарандарды мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө кезектеги чакыруу үчүн республикалык чакыруу комиссиясын түзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2024-жылдын 15-мартынан тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

 Министрлер Кабинетинин

               Төрагасы

 

А.У. Жапаров

 

 

Тиркеме

 

 

 

 

 

Республикалык чакыруу комиссиясынын КУРАМЫ

Каипов Сардарбек Эсенович

-

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын Башкы уюштуруу-мобилизациялоо башкармалыгынын чакыруу башкармалыгынын башчысы, комиссиянын төрагасы.

Комиссиянын мүчөлөрү:

Максутов Жаркынбек Бурукулович

-

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары - аймактарды өнүктүрүү секторунун башчысы;

Атакозуева Гульнура Мамановна

-

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык жардамды уюштуруу жана дары саясаты башкармалыгынын жетектөөчү адиси;

Джабаров Нематжан Ганиевич

-

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын улук ыкчам өкүлү;

Акылбеков Нурланбек Курманбекович

-

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын Башкы уюштуруу-мобилизациялоо башкармалыгынын офицери;

Токушов Сардарбек Акматсултанович

-

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын Башкы уюштуруу-мобилизациялоо башкармалыгынын офицери;

Нуров Бекжан Нурович

-

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын Башкы уюштуруу-мобилизациялоо башкармалыгынын офицери;

Урманбетов Уланбек Асанович

-

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын Башкы уюштуруу-мобилизациялоо башкармалыгынын офицери;

Алымбаев Мырзабек Муканбетжанович

-

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын Башкы уюштуруу-мобилизациялоо башкармалыгынын офицери;

Жандармов Руслан Анатольевич

-

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын Башкы уюштуруу-мобилизациялоо башкармалыгынын офицери;

Таранчиев Кеңешбек Жээнбекович

-

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Республикалык топтоо пунктунун башчысы;

Жээнбеков Накен Жээнбекович

-

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Балыкчы шаарынын топтоо пунктунун башчысы;

Мамадиев Тургунбай Абсаттарович

-

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Ош шаарынын топтоо пунктунун башчысы;

Маматеминов Советбек Маматкадырович

-

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Жалал-Абад шаарынын топтоо пунктунун башчысы;

Муратов Абдумалик Эргешович

-

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин аскердик бейтапканасынын врач-невропатологу;

Матазов Бакыт Абдылдаевич

-

Ош облустук бириккен клиникалык ооруканасынын врач-хирургу;

Кочкоров Максат Кочкорович

-

Жалал-Абад облустук Үй-бүлөлүк медицина борборунун врач-хирургу;

Саламов Сабыр Саламович

-

Кадамжай районунун Жалпы дарыгердик практика борборунун клиникалык-диагностикалык бөлүмүнүн башчысы;

Ташманбетова Гульмира Болотбековна

-

Балыкчы Үй-бүлөлүк медицина борборунун врач-терапевти;

Жумабекова Индира Масалбековна

-

Талас облустук Үй-бүлөлүк медицина борборунун врач-терапевти.

Резерв:

Дуйшекеев Женишбек Жумашович

-

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин коомдук коопсуздук кызматынын инспектору;

Койтукуров Илинбек Төлөнович

-

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Республикалык топтоо пунктунун башчысынын орун басары;

Назаралиев Азамат Автандилович

-

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Балыкчы шаарынын топтоо пунктунун башчысынын орун басары;

Баатыр уулу Алманбет

-

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Ош шаарынын топтоо пунктунун башчысынын орун басары;

Ормонов Мыйзам Уруксатбекович

-

Ош облустук бириккен клиникалык ооруканасынын врач-хирургу;

Самартканов Нурсултан Кимсанбаевич

-

Жалал-Абад облустук Үй-бүлөлүк медицина борборунун врач-невропатологу;

Исмаилов Нурдин Кимсанбаевич

-

Кадамжай шаарынын Жалпы дарыгердик практика борборунун врач-урологу;

Сарманова Чынаркан Абдыкадыровна

-

Балыкчы шаарынын Жалпы дарыгердик практика борборунун врач-фтизиатры;

Изабеков Соорон Канатбекович

-

Талас райондук Үй-бүлөлүк медицина борборунун врач-хирургу.".