Редакцияот 21.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Бириккен Миң-Булак айылдык кеңешинин уюштуруу сессиясы

2024-жылдын 21-февралы №1

Бириккен Миң-Булак айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколду бекитүү тууралуу

“Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы №24 Жарлыгы менен бекитилген пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө Убактылуу жобону жетекчиликке алып, Миң-Булак айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  Бириккен Миң-Булак айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө 2024-жылдын 21-февралындагы №1 протоколу бекитилсин.

 

2.  Саркулов Баялы Кадырбаевич бириккен Миң-Булак айылдык кеңешинин шайланган төрагасы деп табылсын.

 

3.  Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

 

Төрага

Б.К.Саркулов