Редакцияот 13.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЛОГВИНЕНКО АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

ЛОГВИНЕНКО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 13-июлу  № 94/ХXVI-28

 

Жаңы салынган мектепке ат берүү жөнүндө

Новостройкадагы жаңыдан курулган мектепке ысым ыйгаруу өтүнүчү менен ушул мектептин директорунун милдетин аткаруучусу Ж.О.Усуповдун кайрылуусун карап чыгып.«Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13 беренеси, ошондой эле Мамлекеттик маанидеги объекттерге ат берүү жана атын өзгөртүү тартиби жөнүндө жобонун негизинде талкуулоо жана пикир алмашып,

Логвиненко айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Новопокровка айылында жаңы конуштагы мектеп имаратынын курулушу аяктагандан кийин муниципалдык менчике баланска кабыл алуу иштерин жүргүзү айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн.

2. Жаңы курулган мектептин аталышы: “Новопокровка айылы № 4 жалпыбилим берүү башталгыч мектеби” деп аталсын.

3. Жаңы курулган мектептин уставын иштеп чыгуусу жана мектептин күбөлүгүн алуу үчүн мамлекеттик органдардан тийиштүү каттоодон өткөрүсү, ушул мектептин директорунун милдетин аткаруучусуна милдеттендирилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө укук коргоо, социалдык жактан коргоо, саламаттыкты сактоо жана билим берүү, маданият, дин маселелери,боюнча туруктуу комиссиясынын торагасына жүктөлсүн.

 

Логвиненко айылдык

кеңешинин төрагасы

 

К.М. Жонгучкаев