Редакцияот 19.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КЕҢЕШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз II сессиясы

 

2024-жыл 19- апрель №1

 

“Кеңеш айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин административдик чек арасынын схемалык картасы жөнүндө”

 

Кеңеш айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин 2024-жылдын 18-апрелиндеги № 01-17/377 сандуу катындагы Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформаны жүргүзүүнүн алкагында Жалал-Абад  облусунун Базар-Коргон районунун Кеңеш айыл аймагынын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн Кеңеш айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасын карап чыгып, жана талкуулап Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңеши мекемесинин VIII-чакырылышынын кезексиз II-сессиясы токтом кылат:

 

  1. Кеңеш айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин административдик имараты Базар-Коргон шаар статусун алганда көрсөтүлгөн картада жана түшүндүрмө китепте көрсөтүлгөндөй болуп калтырылсын.
  1. Кеңеш айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин административдик чек арасынын схемалык картасы жана ага тиркелген чек ара баяндамасына алымча кошумчасы менен макулдук берилсин.
  1. Кеңеш айылдык кеңеши мекемесинин төрагасы Ш.Канполотовко жана Кеңеш айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин башчысы Э.Турдукуловко Схемалык картага кол коюу тапшырылсын.
  1. Бул токтомдун көчүрмөсү Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.
  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

 

 

Төрага:

 

Ш.М.Канполотов