КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кеңеш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү I сессиясы
2024-жыл 20- февраль №1
“Бириктирилген айыл аймактарынын айылдык Кеңешинин төрагасын шайлоо жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүүгө жана региондорду өнүктүрүүгө багытталган пилоттук режимде шаарлардын жана айыл аймактарынын деңгээлинде административдик-аймактык реформаны жүргүзүүдө жергиликтүү кеңештердин ишин натыйжалуу уюштуруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конститутциясынын 66, 71-беренелеринин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 52 токтомуна негиз, Кеңеш айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектүү I-сессиясы угуп жана талкуулап токтом кылат:
- Айылдык Кеңештин төрагасын шайлоо боюнча Кеңеш айылдык Кеңешинин эсептөө комиссиясынын жыйынтыгы жактырылсын.
- Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагалыгына 38 (отуз сегиз) добуш алып, депутаттардын көпчүлүк добушуна ээ болгон Канполотов Шергазы Мураталиевич жеңүүчү болуп табылып, төрага болуп шайлансын.
- Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндөгү” Мыйзамына ылайык Кеңеш айыл өкмөтүнүн расмий WEB сайтына жарыялансын.
- Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы Кеңеш айылдык Кеңешинин жооптуу катчысы Ж.Ураимовага милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
.
Төрага: |
А.Жоробаев |