Редакцияот 13.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЛОГВИНЕНКО АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

ЛОГВИНЕНКО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 13-июлу  № 95/ХXVI-28

 

“Логвиненко айылдык кенешинин 02.02.2023 жылдын № 76/XXII -28 “Жер аянтын трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө ”

Жер аянтын которууга (трансформациалоого) макулдук берүү боюнча 11. 01. 2023 жылдын жер аянттарды которуу боюнча райондук комиссиясынын корутундусунун негизинде, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлунун № 145 “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13-берениесинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 сандуу токтомун жетекчиликке алып, талкуулап жана пикир алмашып,

Логвиненко айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2023-жылдын 2-февралындагы № 76/XXII-28 токтомунун 1-пунктуна өзгөртүүлөр киргизилсин;

-- "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которууга макулдук берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Логвиненко айылдык кеншинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына жүктөлсүн.

 

Логвиненко айылдык

кеңешинин төрагасы

 

К. М. Жонгучкаев