Редакцияот 10.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Депутаттарынын VII чакырылышынын Чолпон айылдык кеңешинин кезектеги XXI сессиясы

 

2023-жылдын 10-марты № 21/2

Ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмелери (ИСКАКБ), Суу пайдалануучулар ассоциациялары (СПА), тазалык жана Жайыт Пайдалануучулар Бирикмесин (ЖПБ) айыл өкмөт астындагы муниципалдык ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө

Ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмелери (ИСКАКБ), Суу пайдалануучулар ассоциациялары (СПА), тазалык жана Жайыт Пайдалануучулар Бирикмесин (ЖПБ) айыл өкмөт астындагы муниципалдык ишканасынын уставын бекитүү тууралуу Т. Токтомушовдунбилдирүүсүн угуп жана талкуулап Депутаттардын  Чолпон айыл аймагынын айылдык  кеңеши токтом кылат:

 

            1. Ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмелери (ИСКАКБ), Суу пайдалануучулар ассоциациялары (СПА), тазалык жана Жайыт Пайдалануучулар Бирикмесин (ЖПБ) айыл өкмөт астындагы муниципалдык ишканасынын уставы бекитилсин.

            2. Ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмелери (ИСКАКБ), Суу пайдалануучулар ассоциациялары (СПА), тазалык кызматынын жоболору толуктоолор менен бекитилсин.

            3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чолпон айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы У. Өмүрбековго тапшырылсын.

 

Төрага         

  Жумалы уулу Адил