КАБАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кабак айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын XXVIII чакырылышынын 7 сессиясы
2022-жылдын 4-февралы № 28-7-1
Кабак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын бюджетинин аткарылышы жана 2022-жылга бюджетин, 2023-2024-жылдардын бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча угуп жана талкуулап Кабак айылдык Кеңешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:
1. Кабак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2020-жылга карата киреше жана чыгаша бөлүгү өзгөртүү жана толуктоо киргизүү менен, 12436,3 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. 2021-жылга карата Кабак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрү- 12853,4 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
Анын ичинен; - тендештирме гранд- 6002,0 миң сом
- салыктан түшкөн киреше- 6851,4 миң сом
3. 2022-жылга бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн долбоору-12997,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин
Анын ичинен; - тендештирме гранд- 6002,0 миң сом
- салыктан түшкөн киреше- 6995,0 миң сом
4. 2024-жылга бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн долбоору-13102,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
Анын ичинен; - тендештирме грант-6002,0 миң сом
- салыктан түшкөн киреше-7799,0 миң сом
5. Айыл өкмөтүндө эмгек акыга, социалдык фондко жана сметага каралган бардык статьяларды чыгымдоого лимиттен ашпай иш алып барууну жана биринчи кезекте корголгон статьялар (эмгек акы, соц.фонд, коммуналдык кызмат, бала бакчанын тамак –ашы үчүн, электр энергия, жылуулук ж.б.) каржылансын.
6. Кабак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жайыт акы төлөмүнөн түшө турган каражаттардын киреше жана чыгаша бөлүгү 111,2 миң сомго бектилсин.
7. Сатуудан алынуучу салыктан түшпөгөн каражаттар Кыргыз Республикасынын финансы министирлигинен кошумча суралсын.
8. Бул токтом айыл өкмөтүнөн каттоодон өткөрүлүп, kabak.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
9. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кабак айылдык Кеңешинин Финансы экономика маселелери боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Д.Абдыралиев |