КАБАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кабак айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын XXVIII чакырылышынын 8 сессиясы
2022-жылдын 28-марты № 28-8-3
Кыргыз Республикасынын Президентинин №54 Жарлыгын аткарууга алуу жөнүндө
Кабак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жана айыл тургундарынын сунуштарын угуп жана талкуулап Кабак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын көпчүлүк добушунун негизинде токтом кылат:
- Айыл аймагындаүй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүү боюнча жобо иштеп чыгуу Кабак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Качкын уулуна милдеттендирилсин.
- Үй-бүлөлүк салтанаттар айылдарда жана башка калктуу конуштарда калыптанып калган жергиликтүү эрежелер жана тартип боюнча, киргизилген чектөөлөрдү жана тыюуларды бекем сактоо менен өткөрүлсүн.
- Маркумду эске алуу ырым-жырымдарын (акыркы сапарга узатуу, үчүлүк, жетилик, кыркылык) өткөрүүдө айылда магазин жана тамактануучу жай жоктугун эске алуу менен, алыс жактан келген куда сөөк, туугандардын курсагын тойгузуу максатында 2 (эки) жандык же 1 (бир) бодо мал союуга уруксат берилсин.
- Айыл аймагындаүй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүү боюнча жобонун талабын бузган учурда мыйзамга ылайык айып жазасына тартылсын.
- Ушул токтом айыл өкмөтүнөн каттоодон өткөрүлүп, kabak.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кабак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Качкын уулуна милдеттендирилсин.
Төрага | Д.Абдыралиев |