Редакцияот 10.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЛОГВИНЕНКО АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

ЛОГВИНЕНКО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 10-августу  № 98/ХXVII-28

 

Эркин калдыктын эсебинен ачылган чыгымдардын сметасы жөнүндө

"Жылдын башында 18983,8 миң сом суммасында болгон бюджеттик эсепкалдык боюнча 01.01.2023-жылга карата эркин калдыктан чыгымдардын сметасын ачуу боюнча ФЭБнүн башчысы З. Б. Акаеванын маалыматын карап чыгып, талкуулап жана пикир алмашып.

Логвиненко айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Негизги эсеп боюнча бош калдыкты бекитүү:

·         31-август “Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү” майрамына карата, биринчи жарым жылдыкта бекитилген планды 163 % ашыкча аткргандыка байланышту, айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине стимул берүү максатында 70111 «Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр» бөлүмү боюнча бир айлык эмгек акысынын өлчөмүндө 552,0 миң сом өлчөмүндө үстөк акылар берилсин, анын ичинде 2111 «Эмгек акы» беренеси боюнча – 470,8 миң сом өлчөмүндө жана 2121 «Социалдык фондго төгүмдөр» - 81,2 миң сом.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджеттик туруктуу комиссиясына жана ФЭОнун башчысы З. Б. Акаевага жүктөлсүн.

 

  

Логвиненко айылдык

кеңешинин төрагасы

 

К.М. Жонгучкаев