Редакцияот 10.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЛОГВИНЕНКО АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

ЛОГВИНЕНКО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 10-августу  № 99/ХXVII-28

 

Эркин калдыктын эсебинен ачылган чыгымдардын сметасы жөнүндө

"Жылдын башында 18983,8 миң сом суммасында болгон бюджеттик эсепкалдык боюнча 01.01.2023-жылга карата эркин калдыктан чыгымдардын сметасын ачуу боюнча ФЭБнүн башчысы З. Б. Акаеванын маалыматын карап чыгып, талкуулап жана пикир алмашып.

Логвиненко айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Негизги эсеп боюнча бош калдыкты бекитүү:

·       Новопокровка айылдагы №4 башталгыч мектебинин ачылышына

байланыштуу жана окуу процессин баштоого акча каражат бөлүнүа берилсин:

- 70921 «Орто билим берүү-жалпы билим берүү программалары» бөлүмү, 2222 «Учурдагы чарбалык максаттар үчүн буюмдарды жана материалдарды алуу» беренеси боюнча, канцелярдык товарларды жана чарбалык буюмдарды сатып алууга - 130,0 миң сом.

·       № 2 Н.С. Баранов атындагы орто мектебинин аймагында күзөт кызматын

уюштурууга 2225-беренеси «Күзөт кызматтарын сатып алуу» - 500,0 миң сом; 3112 «Башка механизмдерди жана жабдууларды алуу» беренеси боюнча откана үчүн мотор сатып алуу – 103,3 миң сом.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджеттик туруктуу комиссиясына жана ФЭОнун башчысы З. Б. Акаевага жүктөлсүн.

 

 

Логвиненко айылдык

кеңешинин төрагасы

 

К.М. Жонгучкаев