КАЗАН-КУЙГАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Казан-Куйган айыл аймагынын айылдык кеңешинин 28-чакырылышынын 20–сессиясы
2023-жылдын 19-апрели № 3
Казан-Куйган айыл аймагынын айыл Кеңешинин 2022-жылдын 13-июлундагы №1 токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө
Казан-Куйган айыл аймагынын айылдык кеңеши.
токтом кылат:
1. “Казан-Куйган -Таза аймак” мунципалдык ишканасынын Уставы бекитилсин.
Төрага | Шаарбек уулу Бекназар |
Казан-Куйган айылдык Кенешинин
2022-жылдын «22» -июлдагы 10-сессия
№ 1 Токтому менен бекитилген
«Казан-Куйган- Таза аймак»
муниципалдык ишканасынын
Уставы
Казан-Куйган айылы 2022-жыл
I. Жалпы жобо
1.1. «Казан-Куйган- Таза аймак» муниципалдык ишканасынын Уставы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштелип чыгып, муниципалдык ишкананын ишмердүүлүгүн аныктайт.
1.2. «Казан-Куйган- Таза аймак» муниципалдык ишканасы, өз алдынча эсеби бар,чарбалык муниципалдык ишкана болуп саналат. Негизги милдеттери айлана – чөйрөнү коргоо, жашылдандыруу, көрктөндүрүү, кату чарбалык таштандылардысанитардык жактан тазалоо жана айыл аймагынын калкын ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу.
Муниципалдык ишкананын толук фирмалык аталышы:
мамлекеттик тилинде: «Казан-Куйган- Таза аймак» Муниципалдык ишканасы;
расмий тилинде: Муниципальное предприятие «Казан-Куйган- Таза аймак».
Кыскартылган фирмалык аталышы:
мамлекеттик тилинде: «Казан-Куйган- Таза аймак» МИ;
расмий тилинде: МП «Казан-Куйган- Таза аймак».
1.3. Муниципалдык ишкана Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, Кыргыз Республикасынын «Муниципалдык менчик жөнүндө»,Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамдарына жана Казан-Куйган айылдык аймагынын Казан-Куйган айылдык Кеңеши тарабынан кабыл алынган жергиликтүү жааматтын уставына, башка ченемдик укуктук актыларына жана ушул Уставка ылайык өз ишмердүүлүгүн алып барат.
1.4. Муниципалдык ишкана мамлекеттик каттоодон өткөндөн баштап, юридикалык жак болуп саналат,анын иш жүргүзүүгө, өзүнүн балансы эсептик жана башка банк мекемелеринде эсеби бар, мамлекеттик тилде жана расмий тилде аталган мөөрү, штампы,эмблемасы жана өзүнүн бланкасы болуусу керек.
1.5. Муниципалдык ишкананын түзүүчүсү болупНарын облусунун, Нарын районунун, ----- айыл аймагынын Айыл Ёкмөтү саналат.
1.6. Казан-Куйган айыл аймагынын айыл өкмөтү «Казан-Куйган- Таза аймак» муниципалдык ишканасынын милдеттерине жоопкерчиликтүү эмес,ошондой эле муниципалдык ишкана –Казан-Куйган айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн милдеттерине жооп бербейт.
1.7. Чарбалык субьектилер жана жеке жактар менен түзүлгөн келишимдердин негизинде «Казан-Куйган- Таза аймак» ишканасы, Уставда көрсөтүлгөн жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде иштерди алып барууга укуктуу.
1.8. «Казан-Куйган- Таза аймак» муниципалдык ишканасынын структураларынын түзүлүшү же жоюлушу Кыргыз Республикасынын белгиленген тартиптеги мыйзамдарынын негизинде ишке ашырылат.
1.9. «Казан-Куйган- Таза аймак» ишканасында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген жана негизги аткарылуучу милдеттерине жараша профсоюздук уюм түзүлүшү мүмкүн.
1.10. «Казан-Куйган- Таза аймак» муниципалдык ишканасынын юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Нарын облусу, Нарын району, Казан-Куйган айылы ---- көчөсү № .
II. Муниципалдык ишкананын максаты жана иштери
2.1. Муниципалдык ишкананын негизги иштери болуп:
2.1.1. Тазалык багытында:
· Ички жолдорду, тротуарларды, жол чырактарды, көчөнүн түнкүчырактарын, коомдуксанитардыктүйүндөрдү эксплуатациялоо жана кармоо;
· Катуу чарбалык таштандыларды чыгарууну уюштуруу;
· Мектеп, бала-бакчалардын, ооруканалардын жана үйлөрдүн айласындагы таштандылардыжок кылуу жана кайрадаништетипчыгарууга чогултууларды уюштуруу;
· Казан-Куйган айыл аймагындагы санитардык абалын бузуучуларын аныктап, тиешелүү иш кагаздарды түзүү;
· Бекитилген норма жана тартиптин негизинде балансындагы техникалык унаа механизмдери боюнча талаптарды камсыз кылуу жана кармоо.
2.1.2. Ичүүчү суу менен камсыз кылуу багытында:
· Ичүүчү таза суу менен айыл аймагындагы мекеме, ишканаларды жана жергиликтүү калкты камсыз кылуу;
· Санитардык нормаларга жооп бергидей ичүүчү таза суу менен камыз кылуу;
· Суу түтүктөрүн ремонтто жана эксплуатациялоо.
2.1.3. Жарыктандыруу багытында:
- Жалпы пайдалануудагы жерлерге жарык берүүнү уюштуруу;
- Айыл ичиндеги көчөлөрдү жарыктандыруу;
- Айыл ичиндеги жарыктандыруу жабдыктарды оңабалда кармоо жана жаңылап туруу.
2.1.4. Аталган кызматтардан тышкары ишкана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө даректүү социалдык коргоону уюштуруу максатында, айыл чарба багытында техникалык кызматтарды көрсөтүүгө укуктуу.
2.2. Муниципалдык ишкана иш жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы турбаган иштердин түрлөрүн аткарууга укуктуу.
2.3. Муниципалдык ишканан ар кандай максаттагы аткаруу иштердин түрлөрүн ишке ашырууда, тиешелүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын нормаларына ылайык уруксаат кагазын (лицензия) алуусу талап кылынат.
III. Муниципалдык ишкананын милдети жана укуктары
3.1. Муниципалдык ишкана өзүнун милдеттерин ишке ашырууда, айыл аймагынын айыл өкмөтүнөбаш ийүүсү менен,өзүнүнтөмөнкүлөрдү ишке ашырууга укуктуу: