Редакцияот 19.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXXXVII сессиясы

 

2024-жыл 19-апрель №47/2

 

“Көк-Жаңгак шаарынын аймактык административдик чек арасынын схемалык картасы жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берүү жөнүндө”

           

             Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын денгээлинде пилоттук режимде административдик аймактык реформаны жүргүзүүнүн алкагында Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Көк-Жаңгак шаар аймагында Кыргыз Республикасынын  Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агентигинин «Кыргызмамжердолбоор» мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн Көк-Жаңгак шаар аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасын жана Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын   18.04.2024 жылдын №1-12/637  кайрылуусун  карап  чыгып, талкуулап Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттарынын   VIII чакырылыштагы, кезексиз  XXXXVII сессиясы токтом кылат:

1.Көк-Жаңгак шаарынын аймагынын  административдик чек арасынын схемалык картасы жана ага тиркелген  чек ара баяндамассына макулдук берилсин.

2.Көк-Жангак шаардык кеңештин төрагасы З.Байдавлетовго жана Көк-Жаңгак шаарынын мэри Замирбек уулу Сыргака схемалык картага кол коюсу тапшырылсын.

3.Бул токтомдун көчүрмөсү Сузак райондук мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

5.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин төрагасынын

орун басары

 

 

М.Мамбетов