1-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-мартындагы № 133 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасын өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ПРОГРАММАСЫ
Киришүү
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасын өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин программасы (мындан ары - Программа) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 31-октябрындагы № 221 "2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 Жарлыгы менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 31-мартындагы № 83 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча кеңеш жөнүндө" Жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 25-декабрындагы № 352 "2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин иш-чаралар планын ишке ашыруу максатында иштелип чыкты жана МКЮЖду алууга муктаж болгон Кыргыз Республикасынын жарандарына, чет өлкөлүк жарандарга, жарандыгы жок адамдарга жана качкындарга мамлекет кепилдеген юридикалык жардам көрсөтүү системасын өнүктүрүүнүн максаттарын, милдеттерин жана негизги багыттарын аныктайт.
Бул Программа МКЮЖ системасын кардарларды канааттандыруу деңгээлине чейин өнүктүрүүгө багытталган, ал МКЮЖ алуучуну жана анын муктаждыктарын көңүл борборуна коёт, бул бир кыйла жемиштүү маданиятты түзүү жана сапаттуу МКЮЖ үчүн маанилүү.
1. МКЮЖ системасын өнүктүрүүнүн учурдагы тенденцияларын талдоо жана баалоо
1.1. Генезис жана алгачкы кадамдар
МКЮЖ системасы конституциялык-укуктук институт түрүндө 1993-жылдын 5-майындагы Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык түзүлгөн, анын 40 жана 88-беренелеринде ар бир адамдын мыйзамда каралган учурларда мамлекеттин эсебинен квалификациялуу юридикалык жардам (мындан ары - КЮЖ) алуу укугу белгиленген. Конституциялык ченемдерди аткаруу максатында 2009-жылдын 17-июлунда № 227 "Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынган, анда жарандарга өздөрүнүн укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо үчүн каражаттары болбогон учурда мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү механизми аныкталган.
Бирок бул мыйзамды ишке ашыруунун натыйжалары анын механизмдери натыйжасыз иштегендигин, облустук юстиция башкармалыктары, адвокаттар, тергөөчүлөр, прокурорлор жана судьялар МКЮЖ алуучунун негизги муктаждыктарын эске албаган продуктка багытталган системага мүнөздүү бир катар көйгөйлөргө туш болгондугун көрсөттү.
Алсак, МКЮЖ системасынын адвокаттары жетишсиз болгон учурда тергөөчүлөр тарабынан адвокаттарды дайындоо мамлекеттик реестрден жүргүзүлгөн эмес; региондордогу МКЮЖдун координаторлору болуп юстициянын облустук башкармалыктарынын кызмат адамдары дайындалган, бул кошумча, акы төлөнбөгөн, демек натыйжасыз, функциялык милдет болуп калды. Облуста МКЮЖдун бир координаторунун болушу мыйзамдардын ченемдерин ишке ашырууну камсыздоо жана калктын МКЮЖ адвокаттарына болгон муктаждыктарын канааттандыруу үчүн жетишсиз болду. Натыйжада кылмыш-жаза процессуалдык ченемдер бузулуп, чек арага жакын райондордо кармалган чет өлкөлүк жарандардын, жарандыгы жок адамдардын, качкындардын жана башкалардын мыйзамдуу укуктарын коргоо маселеси курч бойдон калган.
Буга байланыштуу МКЮЖ системасы 2016-жылдын 16-декабрындагы № 201 "Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык реформаланган, аны менен консультациялык-укуктук жардам институту (мындан ары - КУЖ) кошумча киргизилген, ал төмөнкүдөй түрдө көрсөтүлгөн: укуктук маалымат, КЮЖ алуу чөйрөсү кеңейтилген, ал кылмыш-жаза иштери боюнча гана эмес, жарандык жана административдик иштер боюнча да көрсөтүлүп баштаган. Жалпысынан МКЮЖ Кыргыз Республикасынын жарандарына гана эмес, чет өлкөлүк жарандарга, жарандыгы жок адамдарга жана качкындарга да көрсөтүлө баштады. Квалификациялуу юридикалык жардамды алууга укугу бар адамдардын тизмеси дагы кеңейтилген жана ага кошумча: кармалган адамдар; Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери жана аларга теңештирилген адамдар; балдардын кызыкчылыктарын коргогон ата-энелер, камкорчулар жана көзөмөлчүлөр; жалгыз бой энелер; мамлекеттик интернат-үйлөрдө жашаган кары-картаңдар ж.б. кирген.
Өзүнүн натыйжасыздыгын көрсөткөн МКЮЖ боюнча Улуттук кеңештин коомдук органынын ордуна Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбор (мындан ары - МКЮЖ КБ) түзүлгөн, анын укуктук статусу жана иш жүргүзүү тартиби аныкталган, координаторлордун штаты бөлүнгөн, алардын функцияларына МКЮЖ алуучу менен адвокаттын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү камсыздоо кирген.
МКЮЖдун жаңы түрү катары КУЖду, КЮЖду көрсөтүүдө сапат стандарттарын киргизүү, ошондой эле бир катар башка өзгөртүп түзүүлөр ар бир кардардын муктаждыктарына жана өзгөчөлүктөрүнө багытталууга өтүүнү билдирди. Буга байланыштуу МКЮЖ системасын кардарга багытталган катары баалоого болот.
МКЮЖду калыптандыруунун жана өнүктүрүүнүн сапаттуу жаңы этабы 2022-жылдын 10-августундагы № 91 "Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жаңы кабыл алуу жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматын (мындан ары - ЮЖК) түзүү менен башталды.
Бул Мыйзам жүргүзүлүп жаткан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын реформалоонун алкагында колдонуудагы мыйзамдарга ылайык келтирилген, анда КУЖ субъекттери такталган, МКЮЖ жаңы субъекти - "параюристтер" киргизилди, жарандык жана административдик иштер боюнча КЮЖ көрсөтүү механизми киргизилди, КЮЖ алуучулардын чөйрөсү кеңейтилди, ага үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандар, адамды сатуунун курмандыктары, турмуштук оор кырдаалдагы балдар ж.б. киргизилди.
Ошентип МКЮЖ системасы кыйла сапаттуу сервистин жардамы менен кардарлардын муктаждыктарын канааттандыруу үчүн умтулуунун эсебинен кардарлардын муктаждыктарына көбүрөөк жооп бере баштады.
Талдоо көрсөткөндөй МКЮЖга болгон муктаждык жылдан жылга өсөт.
Алсак, биринчи инстанцияда соттор караган иштердин саны жылдан жылга көбөйүүдө, эгерде 2020-жылы 74995 болсо, 2021-жылы 89945 (+20%) болгон. Анын үстүнө алардын көпчүлүк бөлүгү жарандык иштерге туура келет (80%га жакыны).
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин (мындан ары - Улутстатком) маалыматтарына ылайык кылмыштуулуктун өсүшү байкалууда, 2022-жылы КБРде катталган кылмыштардын саны 7,3 миң же 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 19,4%га көп.
Улутстаткомдун маалыматтары боюнча жакыр калктын саны жылдан жылга өсүүдө жана 2021-жылы 2244310 адамды (калктын болжол менен үчтөн бир бөлүгүн) түздү. Бул 2021-жылы калктын 33,3%ын түзгөн жакырчылык чегинен төмөн керектөө чыгымдары бар калктын саны жөнүндө маалыматтар менен ырасталат. 2021-жылы пенсия жана социалдык жөлөкпул алуучулардын саны 3,8%га өсүп, 1,2 млн. адамды түздү. Акыркы жылдары өтө жакыр калктын саны көбөйүп, 407 миң адамды түздү, ал эми 2022-жылы КЮЖ 16098 адамга, башкача айтканда калктын 0,23%ына көрсөтүлгөн. Бул процесстердин бардыгы калктын МКЮЖ үчүн кайрылуусунун көбөйүшүн болжолдойт.