ЛОГВИНЕНКО АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
ЛОГВИНЕНКО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 10-августу № 104/ХXVII-28
Кирпичная көчөсүндөгү № 91 жер тилкесин берүү жөнүндө
«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34 беренесинин 17-пунктунун негизинде, Новопокровка айылындагы Кирпичная көчөсү № 91 жер тилкесин Кыргыз Республикасынын Юстициясынын Министрилигине караштуу ЖАКнын № 3 Мекемесинин кызматкерлерине Кирпичная көчөсү № 89 жана № 93чу жер тилкелерине көп кабаттуу турак-жай салынганына байланыштуу, Кирпичная көчөсү № 91 жер тилкеси аталган эки турак-жайга жылуулук берилүү имараты, балдардын оюнаянтчасы жана кокустан өрт кырсыгынан өрт өчүрүү автоунаасы тоскоолсуз өтүүгө жол тилкеси болоору туралуу талкуулап, пикир алмашып.
Логвиненко айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Юстициясынын Министрилигине караштуу ЖАКнын №3 Мекемесисинин кызматкерлерине Кирпичная көчөсү № 89 жана № 93чу жер тилкелерине көп кабаттуу турак-жай салынганына байланыштуу, Кирпичная көчөсү № 91 жер тилкеси аталган эки турак-жайга жылуулук берилуу имараты, балдардын оюн аянтчасы жана кокустан өрт кырсыгынан өрт өчүрүү автоунаасы тоскоолсуз өтүүгө жерди бекитип берүүгө уруксат берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл ѳкмѳт башчысы Асанбеков А.Аге жүктөлсүн.
Логвиненко айылдык кеңешинин төрагасы |
Жонгучкаев К.М. |