Редакцияот 15.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Раззаков шаардык кеңешинин кезектеги ХХХIII сессиясы (VI чакырылышы)

2024-жылдын 15-апрели № 2

Муниципалдык менчикте турган имараттардын, техникалардын жана жаңыдан курулуп жаткан курулуштардын абалы жөнүндө маалыматын угуу жөнүндө.

 

Муниципалдык менчикте турган имараттардын, техникалардын жана жаңыдан курулуп жаткан курулуштардын абалы жөнүндө маалыматынугуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Раззаков шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXXIII сессиясы

 

ТОКТОМ   КЫЛАТ:

 

1.    Муниципалдык менчикте турган имараттардын, техникалардын жана жаңыдан курулуп жаткан курулуштардын абалы жөнүндө маалыматы канаатандырарлык эмес деп табылсын. (Маалымат тиркелет).

2.    Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Раззаков шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.isfana.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

3.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Раззаков шаардык Кеңешинин курулуш, транспорт комуникация жана коммуналдык иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага

Б.Б.Айтемиров

Раззаков шаардык Кеңешинин VI

чакырылышынын кезектеги XXXIII                                                                                                                                                           сессиясынын 2024-жылдын                                                                                                                                                                                                                            15-апрелиндеги  №2 токтомуна тиркеме

 

Муниципалдык менчикте турган имараттардын, техникалардын жана

жаңыдан курулуп жаткан курулуштардын абалы жөнүндө

МААЛЫМАТ

 

         Раззаков шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин балансындагы   кыймылдуу жана кыймылсыз  мүлктөрдүн абалы  боюнча  маалымат берилип, Раззаков шаардык Кеңешинин 2023-жылдын  3-ноябрындагы "Раззаков шаарынын муниципалдык менчигинде турган мүлктүн реестирин бекитип берүү жөнүндөгү" №6 токтому менен бекилген.

         2024-жылга карата курулуш иштери боюнча Раззаков шаардык Кеңешинин 2023-жылдын 30 ноябрындагы "Жергиликтүү бюджеттен акча каражатын ажыратуу жөнүндөгү" №2-токтомунда каралган иштер боюнча маалымат:

- Раззаков шаарынын Жаштык участкасында маршруттук каттам жүрүүчү жолго 420 метр жана Чимген айылынын Р.Темирбаев көчөсүнө 135метр жерге асфальт төшөө иштери боюнча мамлекеттик сатып алуулар өткөрүлүп, 2024-жылдын 19-февралындагы №2 сандуу эки тараптуу келишими түзүлүп, жалпы суммасы

3 468 640 сом болуп, аба ырайынын жылышына карата курулуш иштери башталат;

-Раззаков шаардык Кеңеши жана шаар мэриясынын күнүмдүк жумушуна электр энергиясын камсыз кылуу боюнча 3фазалуу генератор сатып алуу үчүн мамлекеттик сатып алуулар өткөрүлүп, 2023-жылдын 25-декабрындагы №64 эки тараптуу келишим түзүлүп, жалпы суммасы 598 000 сом болуп, подрятчы тарабынан генератор алынып келинген.

- Раззаков шаарынын Корук көчөсүнө бир даана көмөкчү чордонун орнотуу боюнча мамлекеттик сатып алуулары өткөрүлүп 2023-жылдын 28-декабрындагы №65 эки тараптуу келишим түзүлүп, жалпы суммасы 298 000 сом болуп, подрятчы тарабынан аткаруу иштери толук кандуу бүткөрүлгөн.

-Раззаков шаарынын Туракул Ата көчөсүндө 170 метрге түнкү жарыктандыруу жана Самат айылындагы 500метр аба чубалгыларын жаңылоо боюнча мамлекеттик сатып алуулар өткөрүлүп, жалпы суммасы 179500 сомго №63 эки тараптуу келишим түзүлүп, аткаруу иштери жүргүзүлгөн.

-Атайын таштанды ташуучу техника алуу боюнча мамлекеттик сатыш алуулар өткөрүлүп 2023-жылдын 29-декабрындагы №67 эки тараптуу келишим түзүлүп, келишимдин жалпы суммасы 3 840 000 сомду түзүп, подрятчы тарабынан атайын техника алынып келинип, иш кагаздары даярдалып, каттоо иштери жүрүп жатат.

-Раззаков шаарынын №2 кичи районуна скважина чыгаруу боюнча мамлекетик сатып алуулар өткөүлүп, 2023-жылдын 19-декабрындагы Nº60 эки тараптуу келишим түзүлүп, келишимдин жалпы суммасы 1 000 000 сомду түзүп, тийиштуу материалдары алынып келинип, казуу иштерине даярдыктар жүрүп жатат.

Раззаков шаарындагы Самат Садыков атындагы эс алуу багына балдар ойноочу аянтча куруу боюна мамлекеттик сатып алуулар өткөрүлүп, №66 эки тараптуу келишим түзүлүп, курлуш иштери жүрүп жатат. 2024-жылдын 1-июнуна чейин толук канду буруу жагы пландалууда.   

           Раззаков шаарынын аймагына муниципалдык мал базарын куруу боюнча жалпы долбоодук иш кагаздары иштелип чыгып, курулуш иштери IV этапка бөлүнгөн: - I-этапка мал базардын айланасын тосуу, жерлерин тегиздөө, скважина чыгаруу жана 10-кВт аба чубалгыларын тартуу иштери пландалып, бул боюнча мамлекеттик сатып  алуулар  өткөүлүп 2023-жылдын 20-октябрындагы Nº47 эки  тараптуу, жалпы суммасы 10432 732 сомго келишим түзүлүп курулуш иштери жүрүп жаткандыгын билдирет.  II этап боюнча жеңил типтеги навестерди, чарбалык имараттар, жарыктандыруу, аба чубалгыларын тартуу, суу линиясын тартуу, лотокторду орнотуу иштери пландалып, бул боюнча мамлекеттик сатып алуулар өткөрүлүп 2024-жылдын 27-февралында №3 эки тараптуу, жалпы суммасы 14 009 040 сомго келишим түзүлүп, аткаруу иштери журуп жаткандытын белгилөө менен курулуш иштерин 2024-жылдын сентябрь айына чейин бутуруп пайдалануута беруу жагы пландалууда.

        Раззаков шаарынын мэриясынын алдындагы муницпалдык менчик департаментинин реестиринде турган кыймылдуу мүлктөр боюнча сиздер тараптан бекилип берген эсептен чыгаруу боюнча жобого ылайык комиссиянын курамы бекилип, бүгүнкү күндө колдонуу мөөнөтү келген Ваз 2121  үлгүсүндөгү эки жеңил авто унаа 231000 сомго, МАЗ-5549 маркасындагы оор жүк ташуучу авто унаа 49 000 сомго, ЮМЗ-6Л маркасындагы трактор 4900 сомго жана Мерседес Бенц 200 маркасындагы жеңил авто унаа 25000 сомго, жалпы 5 транспортту эсептен чыгаруу боюнча тийиштүү көз карандысыз баалоочуга баалатып жалпы суммасы 309 900 сомго бааланып, комиссия тарабынан эсептен чыгаруу жана сатуу боюнча жобого ылайык иш алынып барылууда.

 

 

 

Раззаков шаарынын муниципалдык

менчик департаментинин Башчысы:                                                                        А.З. Насыров