РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XXXIII СЕССИЯСЫ (VI чакырылышы)
2024-жылдын 15-апрели № 3
Раззаков шаарынын мэриясын кайра каттоодон өткөрүү жана ЖОБОсун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы “Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндөгү” №52 токтомунун жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы №178 токтому менен бекитилген “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык Раззаков шаарынын мэриясынын ЖОБОсун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Раззаков шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Раззаков шаарынын мэриясы кайра каттоодон өткөрүлсүн жана ЖОБОсу бекитилсин. (ЖОБО тиркелет)
2. Раззаков шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын 2022-жылдын 14-апрелиндеги “Исфана шаарынын мэриясын кайра каттоодон өткөрүү жана Жобосун бекитүү жөнүндө” №3 токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Раззаков шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.isfana.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Раззаков шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, башкаруу, жаштар, спорт жана депутаттык этика иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б.Б.Айтемиров |
Раззаков шаардык Кеңешинин VI
чакырылышынын кезектеги XXXIII сессиясынын 2024-жылдын 15-апрелиндеги №3 токтомуна тиркеме
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БАТКЕН ОБЛУСУНА
КАРАШТУУ ЛЕЙЛЕК РАЙОНУНДАГЫ
РАЙОНДУК МААНИДЕГИ
РАЗЗАКОВ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫНЫН
Ж О Б О С У
1. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР
1.Бул Жобо Раззаков шаарынын мэриясынын аймагында колдонулат.
2.Раззаков шаарынын мэриясынын территориясы – аймактын административдик-аймактык чек араларынын чектериндеги жерлерди өзүнө камтыйт.
- Шаардын территориясы шаардын 5 кварталын жана шаарга караштуу 6 айылдарын өзүнө камтыйт.
3.Раззаков шаарынын мэриясы өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, ошондой эле “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алат жана мэриянын кызматкерлери тарабынан иш жүргүзүлөт.
4. Мамлекеттик тилде аталышы: -“Раззаков шаарынын мэриясы”;
Официалдуу тилде аталышы: -“Мэрия города Раззакова”;
Дареги: Кыргыз Республикасы Баткен облусу Лейлек району Раззаков шаары, Раззаков к. 21
2. ТҮШҮНҮКТӨР ЖАНА ТЕРМИНДЕР
Бул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:
-шаардын Жобосу - Раззаков шаарынын мэриясынын башкы укуктук актыларына караганда жогорку юридикалык күчкө ээ болгон жана Раззаков шаарынын мэриясын уюштуруунун негизги принциптерин жана эрежелерин белгилеген Раззаков шаарынын мэриясынын негизги укуктук актысы;
-шаардык маанидеги маселелер - шаар мэриясы тарабынан чечилүүчү жергиликтүү маанидеги жана шаар калкынын жашоо турмушун түздөн – түз камсыз кылуу маселеси;
-шаар мэриясы - шаардык мэриянын аткаруучу – тескөөчү органы;
-муниципалдык менчик - Раззаков шаарынын мэриясынын киреше алуу булагы болуп саналган, иш милдеттерин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон мэриянын ээлик кылуусундагы, пайдалануусундагы жана тескөөсүндө турган шаардын менчиги;
-жергиликтүү салыктар жана жыйымдар - Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык шаардык Кенеш тарабынан белгилеген, жергиликтүү бюджетке түшүүчү салыктар жана салыктык эмес жыйымдар.
3. РАЗЗАКОВ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫНЫН
НЕГИЗГИ МАСЕЛЕЛЕРИ ЖАНА ПРИНЦИПТЕРИ
3.1 Раззаков шаарынын мэриясы тарабынан аткарылуучу жергиликтүү маанидеги маселелер:
1.Аймактын жашоо-турмушунун тутумунун иштешин жана өнүгүшүн, социалдык-экономикалык өнүгүшүн уюштуруу жана калкка социалдык жана маданий кызмат көрсөтүүлөрдү берүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагына жергиликтүү маанидеги төмөнкүдөй маселелер кирет:
1) тиешелүү аймактын экономикалык өнүгүшүн камсыз кылуу, ошондой эле инвестицияларды жана гранттарды тартуу;
2) муниципалдык менчикти башкаруу;
3) жергиликтүү бюджетти түзүү, бекитүү жана аткаруу;
4) калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу;
5) калктуу конуштарда канализациянын жана тазалоочу курулмалардын тутумунун ишин камсыз кылуу;
6) калктуу конуштардагы муниципалдык жолдордун иштешин камсыз кылуу;
7) жалпы пайдалануудагы жерлерге жарык берүүнү уюштуруу;
8) көрүстөндөрдүн иштешин жана расымдык кызматтардын көрсөтүлүшүн камсыз кылуу;
9) жалпы пайдалануудагы жерлерди көрктөндүрүү жана жашылдандыруу;
10) парктардын, спорттук курулмалардын жана эс алуу жайларынын иштешин камсыз кылуу, бош убакытты уюштуруу үчүн шарттарды түзүү;
11) турмуш-тиричилик калдыктарын жыйноону, ташып чыгарууну жана утилдештирүүнү уюштуруу;
12) муниципалдык транспорттун иштешин камсыз кылуу жана калктуу конуштардын чегинде коомдук транспорттун иштешин жөнгө салуу;
13) жергиликтүү маанидеги тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жагындагы контролдоо;
14) жергиликтүү маанидеги китепканалардын ишин уюштуруу жана камсыз кылуу;
15) жер пайдалануу эрежелерин белгилөө жана шаар куруу менен архитектуранын ченемдерин жана эрежелерин сактоону камсыз кылуу;
16) тиешелүү калктуу конуштун аймагында жарнакты мыйзамдарда белгиленген тартипте жайгаштыруу;
17) коомдук тартипти сактоого көмөктөшүү;
18) элдик көркөм чыгармачылыкты өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү;
19) балдар жана жаштар менен иштөө боюнча иш-чараларды уюштуруу жана жүзөгө ашыруу;
20) дене тарбиясын жана массалык спортту өнүктүрүү үчүн шарттарды камсыз кылуу;
21) өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга жана кесепеттерин жоюуга көмөктөшүү;
22) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча чаралардын комплексин мыйзамдарда белгиленген тартипте жүзөгө ашыруу.
23) соттолгондорду кайра социалдаштырууга багытталган жазык-укуктук таасир этүүнүн эркинен ажыратуу жана мажбурлоо чарасы менен байланышпаган жазаларды уюштуруу жана аткаруу жана аларга жазык-аткаруу мыйзамдарына ылайык социалдык жардам көрсөтүү;
24) ветеринардык-санитардык жана карантиндик-чектөөчү чаралардын өз убагында өткөрүлүшүн камсыздоого көмөк көрсөтүү.
25) аскердик каттоо жүргүзүү, аскердик кызматка, резервдик түзүмдөргө, ыктыярдуу резервдик отряддарга жана мобилизациялык даярдоого чакырууну уюштурууга көмөк көрсөтүү.
3.2 Раззаков шаарынын мэриясынын ишинин жалпы принциптери.
1.Раззаков шаарынын мэриясы төмөнкүдөй принциптерди жүзөгө ашырат:
1) шаар мэриясынын функцияларын жана ыйгарым укуктарын так аныктоо;
2) шаар мэриясынын жергиликтүү коомдоштуктун алдында ачык жана жооптуу болушу жана алардын өз функцияларын жергиликтүү коомдоштуктун кызыкчылыктарында жүзөгө ашырышы;
3) мыйзамдуулук жана социалдык адилеттүүлүк;
4) шаар мэриясынын тутуму аркылуу, ошондой эле жарандардын жыйындары (чогулуштары) жана курултайлар аркылуу жарандардын эрк билдирүүсү;
5) жергиликтүү коомдоштуктардын укуктарын жана мыйзамда корголгон кызыкчы-лыктарын коргоо;
6) коомдук пикирдин ачыктыгы жана эсепке алынышы;
7) тиешелүү маселелерди чечүүдө коллегиялуулук, эркин талкуулоо;
8) өзүнүн компетенциясындагы маселелерди чечүүдө шаар мэриясынын көз карандысыздыгы;
9) шаар мэриясы тарабынан кабыл алынуучу ченемдик укуктук актылардын мониторингин жана аларга баа берүүнү туруктуу негизде жүргүзүү;
10) өз алдынча камсыз кылуу, өз алдынча жөнгө салуу жана өз алдынча каржылоо.
2.Раззаков шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасынын жарандарынын мамлекеттик жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө катышууга конституциялык укуктарын ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү боюнча мамлекеттик органдары менен тыгыз өз ара аракетте иштейт.
.
4. РАЗЗАКОВ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ, ШААРДЫН МЭРИ.
1.Шаарда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы болуп мэр башында турган мэрия эсептелет.
2.Мэриянын түзүмүн жана штаттык ырааттамасын мэр Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен типтүү түзүмдүн жана штаттык ырааттаманын негизинде бекитет.
3.Мэриянын баш ийүүсүндө ал уюштуруучу жана/же анын карамагына берилүүчү уюмдар, ишканалар жана мекемелер болушу мүмкүн.
4.1 Раззаков шаарынын мэриясынын чечимдери.
1. Мэриянын атынан актыларды (чечимдерди) токтом жана буйрук түрүндө мэр чыгарат, эгерде актынын өзүндө башкача каралбаса, алар мэр кол койгон күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Токтомдор ченемдик укуктук актылардын негизинде жана аларды аткаруу үчүн чыгарылат. Буйруктар ыкчам, уюштуруучулук жана кадр маселелер боюнча чыгарылат.
3. Чыгарылган актылар өзгөртүлүшү, толукталышы, жокко чыгарылышы же күчүн жоготту деп таанылышы мүмкүн.
4. Мэриянын ишин уюштуруу эрежелери, мэриянын аппаратында документтер менен иштөөнү уюштуруу жана ишин документтик камсыз кылуу боюнча талаптар архивдик мыйзамдардын жана документтик иш кагаздарын жүргүзүү боюнча мыйзамдардын негизинде мэриянын регламентинде белгиленет.
4.2 Раззаков шаарынын мэриясынын компетенциясы.
1. Шаардын мэриясы:
1) шаардын жашоо-тиричилигин камсыз кылуу системасынын иштешин жана өнүгүшүн, шаардыктарга социалдык жана маданий тейлөө кызматтарын көрсөтүүнү уюштурат;
2) шаардын бюджетинин долбоорун иштеп чыгат жана аны шаардык кеңеш бекиткенден кийин аткарат;
3) социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн, калкты социалдык жактан коргоонун программаларынын долбоорлорун иштеп чыгууга жана кеңештин бекитүүсүнө сунуш кылууга катышат жана кеңеш бекиткенден кийин аларды аткарууну камсыз кылат, социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү программасынын аткарылышы жөнүндө маалыматты жарыялайт, ошондой эле аны расмий сайтка жарыялайт жана (же) шаардык кеңеш тарабынан аныкталган атайын көрүнүктүү жерлерге (такталарга, стенддерге) жайгаштырат;
4) шаарды өнүктүрүү үчүн инвестицияларды жана гранттарды тартат;
5) тарыхтын, архитектуранын жана маданияттын эстеликтерин коргоо боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырат;
6) жаңы жумуш орундарын түзүү боюнча иш-чараларды иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат;
7) шаардын жерлерин жана муниципалдык менчиктин объекттерин сарамжалдуу пайдалануу боюнча иш-чараларды иштеп чыгат жана аларды шаардык кеңеш бекиткенден кийин жүзөгө ашырат;
8) муниципалдык ишканаларды менчиктештирүүгө жана тиешелүү органдар менен макулдашуу боюнча социалдык-маданий, тиричилик жана чарбалык маанидеги объекттерди, ошондой эле алардын иштеши үчүн зарыл болгон жабдууну баланска кабыл алууга катышат;
9) шаардын турак жай фондун, турак жай-коммуналдык чарбасын өнүктүрүү жана абаттоо боюнча иш-чараларды иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат;
10) шаарды куруунун башкы планын иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат, мыйзамдарга ылайык архитектура жана шаар куруу ченемдери менен эрежелеринин сакталышына контролду ишке ашырат;
11) жаратылыш кырсыктарын, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана четтетүү, алардын кесепеттерин жоюу боюнча мобилизациялык жана уюштуруучулук-практикалык чараларды жүзөгө ашырат;
12) мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө мыйзамдарга ылайык мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн долбоорлорун издөөнү, демилгелөөнү жана ишке ашырууну жүзөгө ашырат;
13) ветеринардык-санитардык жана карантиндик-чектөөчү чараларды өз убагында өткөрүүнү камсыздоого көмөк көрсөтөт;
14) мыйзамдарга ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
4.3 Раззаков шаарынын мэринин кызмат ордуна талапкерге коюлуучу талаптар.
1. Райондук маанидеги шаардын мэринин кызмат ордун жогорку билими, мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат орундарында жалпы 5 жылдан кем эмес, анын ичинде жетектөөчү кызматта 3 жылдык иш стажы бар адамдар, ошондой эле иштин башка чөйрөлөрүндө жетектөөчү кызматта 5 жылдан кем эмес тажрыйбасы бар адамдар ээлей алат.
2. Кесиптик ишти жүзөгө ашыруу үчүн мэрдин кызмат ордуна талапкер кесиптик ишти жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик тилди билүүгө тийиш.
3. Төмөнкүдөй адам мэр боло албайт:
1) Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналбаган;
2) башка мамлекеттин жарандыгы бар;
3) тиешелүү шаарда туулган;
4) ушул берененин 1-бөлүгүндө белгиленген талаптарга ылайык келбеген;
5) соттун чечими менен ишке жөндөмсүз же жөндөмдүүлүгү чектелген деп таанылган же болбосо соттун чечими менен муниципалдык кызматчы катары ишти жүзөгө ашырууга же муниципалдык кызмат орундарын ээлөөгө тыюу салынган;
6) мыйзамдарда белгиленген тартипте жоюлбаган соттуулугу бар.
4.4 Раззаков шаарынын мэринин кызмат ордуна дайындоонун жана кызмат ордунан бошотуунун тартиби.
1. Райондук маанидеги шаарлардын мэрлери аким тарабынан дайындалат.
Раззаков шаарынын мэри шаардын мэринин, анын орун басарынын кызмат ордуна дайындоо үчүн кадрлардын муниципалдык резервинде (мындан ары - муниципалдык резерв) турган адамдардын ичинен дайындалат. Муниципалдык резервге киргизүү үчүн конкурсту өткөрүүнүн, аны түзүүнүн жана иштешинин тартибин Президент аныктайт.
2. Мэрдин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү - 5 жыл.
Мэрдин ыйгарым укуктары кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү же акимдин же Президенттин алмашуусу менен байланыштуу эмес.
3. Төмөнкүдөй учурларда райондук маанидеги шаардын мэри - Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы, аким тарабынан ээлеген кызматтарынан бошотулушу мүмкүн:
1) жеке арызынын негизинде;
2) мыйзамдарды, Президенттин жана Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларын аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн;
3) соттун күчүнө кирген айыптоочу өкүмүнүн негизинде;
4) сот тарабынан ал аракетке жөндөмсүз деп таанылган учурда;
5) аны өлдү, дайынсыз жоголду деп жарыялоо жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген, ошондой эле өлгөн учурда;
6) Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жактарга туруктуу жашоо үчүн чыгып кеткен учурда;
7) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыккан же чет мамлекеттин жарандыгын алган учурда;
8) эмгекке таптакыр жарамсыздыгынын кесепетинен өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарууга мүмкүн болбогон учурда;
9) Раззаков шаардык кеңешинин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинин добуштары менен ишенбестик билдирилген учурда;
10) кабыл алынган чечимдерге жана саясий жетекчилик тарабынан жүргүзүлүп жаткан саясатка алардын иши шайкеш келбеген учурда;
11) ишеничти жоготкондо;
12) тараптардын эринен көз каранды эмес жагдайлар боюнча.
4. Мэр кызмат ордунан бошотулган учурда анын милдеттери жаңы мэр дайындалганга чейин мэрдин орун басарына жүктөлөт. Мэрдин орун басарынын кызмат орду бош болгон учурда шаар мэриясынын аппаратынын жетекчисине мэрдин милдеттери жүктөлөт.
4.5 Раззаков шаарынын мэринин ыйгарым укуктары.
1. Шаардын мэри:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын, Президенттин жана Министрлер Кабинетинин актыларынын, шаардык кеңештин чечимдеринин сакталышын жана аткарылышын уюштурат;
2) мэриянын, муниципалдык ишканалардын жана мекемелердин ишине жетекчилик кызмат, алардын ишинин натыйжалары үчүн жооп берет;
3) шаардын аймагында аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын аймактык бөлүмдөрүнүн ишин координациялоону жүзөгө ашырат;
4) мэриянын кызматкерлерин мыйзамдарга ылайык кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот, аларга карата сыйлоо жана тартип жазасын колдонуу чараларын көрөт;
5)ведомстволук бөлүмдөрдүн жетекчилерин, анын ичинде аймактык бөлүмдөрдүн жетекчилерин мыйзамдарга ылайык кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;
6) статистика, улуттук коопсуздук, ички иштер органдарын жана аскердик башкаруунун жергиликтүүоргандарынкошпогондо,тиешелүүшаардын аймагында болгон, аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилерин кызмат ордуна мыйзамда белгиленген тартипте дайындайт;
7) статистика, улуттук коопсуздук, ички иштер органдарын жана аскердик башкаруунун жергиликтүү органдарын кошпогондо, тиешелүү шаардын аймагында болгон, аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилерин кызмат орундарынан өз алдынча бошотот. Аткаруу бийлигинин тиешелүү мамлекеттик органдарынын жетекчилери алардын аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилерин кызмат ордунан бошотуу жөнүндө негиздүү сунуш киргизген учурда жогоруда аталган кызмат адамдарын кызмат ордунан бошотууга милдеттүү;
8) жергиликтүү маанидеги маселелерди, ошондой эле шаардык кеңештин ыйгарым укуктарына таандык кылынгандарын кошпогондо, берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды башкарууну ишке ашырат;
9) берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын талаптагыдай уюштурулушу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
10) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында, коомдук жана башка уюмдарында жана чет өлкөлөрдө мэриянын атынан иш алып барат;
11) социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык коргоонун колдонуудагы программаларынын уланмалуулугун камсыз кылат же жергиликтүү мамлекеттик администрация менен макулдашуу боюнча кызматка киришкен күндөн тартып 3 айдан кечиктирбестен социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык коргоо программаларынын долбоорлорун иштеп чыгат жана шаардык кеңешке бекитүүгө берет;
12) жергиликтүү бюджеттин долбоорун шаардык кеңештин бекитүүсүнө сунуштайт, жарым жылда бир жолу жергиликтүү маанидеги иштердин аткарылышы, бюджеттин аткарылышы, муниципалдык менчиктин жана бюджеттен тышкаркы фонддун каражаттарынын пайдаланылышы жөнүндө, ал эми райондук маанидеги шаарлардын мэрлери аким менен бирге шаарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык коргоо программаларынын аткарылышынын маселеси боюнча шаардык кеңешке отчет берет;
13) мыйзамдарга ылайык жергиликтүү салыктарды жана жыйымдарды киргизүү боюнча шаардык кеңешке сунуштарды киргизет;
14) шаардык кеңештин сессиясын чакыруу жөнүндө сунуштарды киргизет, анын ишине катышат;
15) мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жана ардактуу наамдарды ыйгаруу жөнүндө белгиленген тартипте Президентке өтүнүч жасайт;
16) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
4.6 Раззаков шаарынын мэринин орун басары.
1.Шаардын мэринин орун басары мэр тарабынан өз алдынча дайындалат.
2. Шаардын мэринин орун басары муниципалдык резервде турган адамдардын ичинен дайындалат.
3. Мэрдин орун басары мэр жок мезгилде аны алмаштырат жана мэр тарабынан жүктөлгөн милдеттерди аткарат.
4. Мэрдин орун басары өзү аткарып жаткан ыйгарым укуктары үчүн мэрдин алдында жооп берет.