Редакцияот 15.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БҮРГӨН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин кезексиз VII чакырылышынын 3-сессиясы

 

2023-жылдын 15-августу № 3/1

Кара-Бүргөн  айыл аймагында“Кадаң-Майстан”

муниципалдык ишканасын түзүү  жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын 26.12.2022-жылдагы Кыргыз  Республикасынын  Нарын облусунун аймагында жайгашкан айыл аймактарында ирригацияны, ичүүчү суу  менен камсыздоо  системаларын күтүүнү, ошондой эле жайыттарды башкарууну комплекстүү уюштуруу боюнча пилоттук долбоорду ишке  ашыруу жѳнүндѳ №713 токтомуна  ылайык, муниципалдык ишкана түзүү боюнча сунушту карап чыгып Кара-Бүргөн  айылдык кеңеши   

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.            Кара-Бүргөн  айыл ѳкмѳтүнүн  алдында “Кадаң-Майстан” муниципалдык  ишканасын түзүү жөнүндө сунуш жактырылып,  муниципалдык ишкана түзүүгө макулдук берилсин.

2. Бул  токтомдун аткарылышын  камсыз кылуу  жагы айыл ѳкмѳт  башчысы А.Акиевге   милдеттендирилсин.

 

 

Айылдык кеӊешинин төрагасы

 

Б. Кемелов