Редакцияот 15.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XXXIII СЕССИЯСЫ (VI чакырылышы)

2024-жылдын 15-апрели № 6

 Раззаков шаардык Кеңешинин 2021-жылдын 4-мартындагы  №6 токтомуна өзгөтүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө.

Раззаков шаар мэриясынын Раззаков шаардык Кеңешинин 2021-жылдын 4-мартындагы  №6 токтомуна өзгөтүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Раззаков шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXХIII сессиясы

 

ТОКТОМ   КЫЛАТ:

 

1.    Раззаков шаардык Кеңешинин 2021-жылдын 4-мартындагы  №6 токтомунун 1-пунктундагы №105 контурдан деген сөздүн ордуна №109 жана №711 контурунан деген сөздүн ордуна №696 деген сөздөр менен өзгөтүү жана толуктоолор киргизилсин.

2.    Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Раззаков шаардык Кеңешинин жана мэриясынын  www.isfanacity.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

3.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Раззаков шаардык Кеңешинин  муниципалдык менчик, айыл чарба жана жер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

Б.Б.Айтемиров