Редакцияот 10.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЛОГВИНЕНКО АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

ЛОГВИНЕНКО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 10-августу  № 105/ХXVII-28

Ичүүчү суу менен камсыздоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифин бекитүү жөнүндө

«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34 беренесинин 11-пункту негизинде, “Норус” Муниципалдык ишканасынын мүдүрүнүн, кашарларга ичүүчү сууну пайдалангандык үчүн жана өз алдынча алууга ичүүчү суунун тарифин бекитүү өтүнүчү менен катынталкуулап, пикир алмашып.

Логвиненко айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ар бир кашарлар ичүүчү сууну пайдалангандык үчүн төлөмдүн тарифи айына 1000 сом, ал эми 1 м3 чейин өз алдынча алуу үчүн - 500 сом, 1м3 жогору -1000 сом өлчөмүндө бекитилсин.

2. “Норус” Муниципалдык ишканасынын мүдүрүнѳ:

·         ичүүчү сууну пайдалануу үчүн төлөм тарифин Монополияга каршы комитет менен макулдашуу.

·         стандарттардын жана санитардык нормалардын жана эрежелердин талаптарына ылайык, ичүүчү таза суу менен үзгүлтүксүз камсыздоо боюнча иштерди туруктуу негизде жүргүзүү.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо айыл ѳкмѳт башчысы Асанбеков А.Аге жүктөлсүн.

 

 

Логвиненко айылдык

кеңешинин төрагасы

 

К.М. Жонгучкаев