Редакцияот 23.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БҮРГӨН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин кезексиз VII чакырылышынын 4-сессиясы

 

2023-жылдын 23-августу № 4/4

Кара-Бүргөн айыл аймагынын бузуулар боюнча комиссиясынын

курамын жана Жобосун бекитүү жөнүндө

  

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин талаптарына ылайык  Кара-Бүргөн айылдык кеңеши 

 ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.            Кара-Бүргөн айыл аймагынын бузуулар боюнча комиссиясынын курамы   1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

2.            Кара-Бүргөн айыл аймагынын  бузуулар боюнча  Жобосу 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.

3.            Токтом  расмий жарыялоо булактарына жарыялансын жана ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизилсин.

4.            Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

 

 

Айылдык кеӊешинин төрагасы

 

Б. Кемелов 

 

 

 

Кара-Бүргөн айыл аймагынын  айылдык кеңешинин

2023-жылдын 23-августундагы

№4/4 токтому менен бекитилген                                                                                                                                                                                               

                                                                                  №1-тиркеме

 

 

Кара-Бүргөн айыл аймагында укук бузуулар боюнча иш алып баруу үчүн

түзүлгөн комиссиянын курамы.

 

Комиссиянын төрагасы

Садыков Турсунбек    - Кара-Бүргөн айыл аймагынын тургуну

 

                                               Комиссиянын катчысы

Матенов Бекзат Турсунбекович - Кара-Бүргөн айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн коомдук тартип, пробация, өзгөчө кырдаалдар, коррупцияга каршы аракеттенүү, кепилденген юридикалык жардам, укук бузуулардын алдын алуу жана КААБ маселелери маселелери боюнча башкы адис комиссиянын  катчысы.

 

                                               Комиссиянын мүчөлөрү:

Жунусов Аскар Сталбекович Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин орун басары

Рысбаева Медина Мелисовна Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин депутаты.

 Ташыбеков Чынболот Ташыбекович Кара-бүргөн айыл өкмөтүнун жер, агрардык, жайыт жана айыл чарбасы маселелери боюнча башкы адис

 

 

 

 

Кара-Бүргөн айыл аймагынын  айылдык кеңешинин

2023-жылдын 23-августундагы

№4/4 токтому менен бекитилген                                                                                                                                                                                               

               №2-тиркеме

 

                                                                                        

Кара-Бүргөн айыл аймагынын укук бузуулар боюнча комиссиясынын Жобосу

1. Жалпы жоболор

     1. Бул укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо комиссиясы тууралуу убактылуу жобо (мындар ары-жобо) Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө Кодексине, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасыньш мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын Кылмыштардын бирдиктүү реестрин жана укук бузуулардын бирдиктүү реестрин жүргүзүүнүн убактылуу эрежелерин бекитүү жөнүндө буйругунун негизинде Кара-Бүргөн айыл аймагында таштандыларды башкаруу, абаттоо эрежелери, коомдук жайларды санитардык жактан тейлөө жана айыл чарба багытындагы айдоолорду атайын же этиятсыздык менен тепсөө, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн талаадагы жыйналган түшүмүн жок кылуу же бузуу, көчөттөрдү зыянга учуратуу, атайын суу пайдалануу же гидротехникалык жумуштарды жүргүзүү эрежелерин бузуу, калктуу конуштардын ичиндеги айыл чарба багытындагы жерлерди жана башка жерлерди сугат суу менен камсыз кылуу үчүн белгилүү ирригациялык тутумду пайдалануу жана күтүү эрежелерин бузуу, жайыттарды жана чөп чабындыларды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын планында белгиленген, белгиленген тартипте кабыл алынган жана күчүнө кирген режимди бузуу, жана башка маселелер жаатында бузууларды аныктайт жана бөгөт коюу боюнча иштерди тартипке келтирүү жана натыйжалуу уюштуруу болун саналат.

    2. Бул жобо укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссияларын түзүүнүн жана ишинин тартибин, анын ичинде алар тарабынан укук бузуулар жөнүндө иштерди кароонун жана түзүүнүн, укук бузган жеке жана юридикалык жактарды жоопкерчиликке тартуунун тартибин жөнгө салат.

    3. Укук бузуулар жөнүндө комиссия (мындан ары-комиссия) Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде каралган укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча туруктуу коллегиялдуу орган болуп саналат.

    4. Комиссиянын иши мыйзамдуулуктун, мыйзам алдында теңдиктин, күнөөсүздүк, укук бузуулар үчүн жоопкерчиликтин сөзсүз болушун, адилеттүүлүктүн, жазаларды жекелештирүүнүн, гуманизмдин принциптерине негизделет.

     5. Комиссия өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.

 

 

 

2.Комиссиянын ыйгарым укуктары жана милдеттери

    1. Комиссиянын негизги ыйгарым укуктары болуп төмөнкүлөр саналат:

-ар бир иштин жагдайларын өз убагында, ар тараптуу, толук жана объективдүү тактоо, аларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечүү;

-чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө, ошондой эле, укук бузууларды жасоого шарт түзгөн себептерди жана шарттарды аныктоо.

    2. Комиссия укук бузуу боюнча иштерди жана укук бузуулар үчүн Кыргыз Республикасынын кодексинде каралган жаза чараларын карайт.

    3. Комиссия процессуалдык далилдер менен өз алдынча чечим кабыл алат. Комиссия кабыл алганчечимди  Кара-Бүргөн айыл  аймагындагы жеке жана юридикалык жактар аткарууга тийиш.

3.Комиссия тузүүнүн тартиби.

    1. Комиссия Кара-Бүргөн айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдында түзүлөт.

    2. Комиссия жөнүндө жобо, анын сандык жана жеке курамы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн - жергиликтүү кеңештин чечими менен бекитилет (451-бер. 2-бөл, 2-п.).

    3. Укук бузуулар жөнүндө иш комиссия тарабынан укук бузуу жөнүндө протокол жөнүндө токтому жана иштин башка материалдары алынган күндөн тартып он күндүк мөөнөттө каралат.

Укук бузуулар жөнүндө иш боюнча өндүрүштүн катышуучусунан өтүнүч келип түшкөн же болбосо иш жагдайларын кошумча аныктоо зарыл болгон учурларда ишти кароо мөөнөтү, ишти караган комиссия тарабынан он күндөн ашпаган мөөнөткө узартылышы мүмкүн (535-берене 1-2-бөл.)

4.Комиссия курамынын кызматтык милдеттери

1. Комиссиянын ишин комиссиянын төрагалары, төрагасынын орун басары жана катчысы уюштуpaт.

     2. Комиссиянын төрагасы жана тең төрагасы:

- Комиссиянын ишин пландаштырат уюштурат жана башкарат;

- Комиссиянын жыйналышынын күнүн, убактысын дайындайт;

- төpaгалык кылат жана комиссиянын жыйналышынын күн тартибин бекитет;

-иш боюнча комиссия тарабынан чыгарылган аныктамаларга, токтомдорго, жана комиссиянын иши үчүн зарыл болгон актыларга жана документтерге кол коёт;

-өз компетенциясынын чегинде комиссиянын атынан ишеним катсыз иштейт жана мамлекеттик бийлик органдары, кызмат адамдары жана жарандар менен мамилелерде анын таламдарын коргойт;

 -Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат    

3. Комиссиянын төрагасынын орун басары:

 -Комиссиянын жыйналыштарында кароо үчүн укук бузуулар боюнча материалдарды (иштерди) алдын ала даярдоону уюштурат;

-Комиссиянын төрагасынын тапшырмаларын аткарат;

-Комиссиянын төрагасы убактылуу жок болгон учурда анын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырат.

     4. Комиссиянын катчысы:

-Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде белгиленген талаптарга ылайык укук бузуулар боюнча комиссия тарабынан чыгарылган токтомдордун, аныктамалардын долбоорлорун даярдоону уюштурат;

 -Комиссиянын мүчөлөрүнө жана иштер боюнча өндүрүшкө катышкан адамдарга иштерди кароонун убактысы жана орду жөнүндө билдирет, аларды укук бузуулар боюнча каралуучу маселелер менен тааныштырат;

 -Комиссиянын жыйналыштарынын протоколдорун жүргүзөт жана белгиленген тартипте тариздейт жана кол коёт;

-Комиссия тарабынан чыгарылган токтомдордун, аныктамалардын аткарылышын көзөмөлдөйт:

-Комиссиянын токтомдорунун  көчүрмөлөрүн тиешелүүлөргө белгиленген мөөнөттө жеткирүүнү же жөнөтүүнү камсыз кылат:

 -айып пул түрүндө өндүрүлгөн акча каражаттардын түшүүсүн көзөмөлдөйт;

-Комиссиянын ишинин чөйрөсүндө статистикалык эсепти жүргүзөт;

 -иш кагаздарын жүргүзүүнү жана комиссияда каралган иштердин сакталуусун камсыз кылат;

-өз ишин комиссиянын төрагасынын жетекчилиги астында жүзөгө ашырат;

-Комиссиянын ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү боюнча сунуштарды даярдайт:

 -Комиссиянын ишине тиешелүү маалыматтык иштерди жүргүзөт;

-Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ыйгарам укуктарды жүзөгө ашырат;

 -Комиссиянын катчысы убактылуу жок болгон учурда комиссиянын мүчөлөрүнүн бири ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырат.

5 Комиссиянын иштөө тартиби

     1. Отурумдар комиссиянын ишинин негизги тартиби болуп саналат. Комиссиянын жыйындары зарылдыгына жараша өткөрүлөт. Комиссиянын жыйналыштарынын мезгилдүүлүгү укук бузуулар жөнүндө иштерди кароонун мыйзамда белгиленген мөөнөтөрүнүн сакталышын камсыз кылууга тийиш.

     2. Комиссиянын жыйналышына, эгерде ага комиссия мүчөлөрүнүн жалпы санынын жарымынан кем эмеси катышса ыйгарым укуктуу болуп эсентелет.

     3. Комиссиянын жыйналышы Кара-Бүргөн айыл өкмөтүнүн укуктуу органдарынын өкүлдөрүнүн, укук бузуу боюнча каралган материалдарга тиешеси бар адамдардын катышуусунда ачык өткөрүлөт.

     4. Комиссиянын жыйынын төрага алып барат, эгер төрага жок болгон учурда төраганын орун басары алып барат.

     5. Эгерде экөө тең жок болуп калган учурда катышкан комиссиянын мүчөлөрүнүн тандоосу менен комиссия мүчөөлөрүнүн бири жыйналышты өткөрөт.

6. Комиссия тарабынан укук бузуулар боюнча ишти кароого даярдоонун алкагында төмөнкү маселелер такталат:

 -бул ишти кароо анын компетенциясына кирээр-кирбесин;

-ишти Комиссияда кароо мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган жагдайлар барбы;

 -укук бузуу боюнча протокол туура түзүлгөнбү, иштин материалдары Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык түзүлгөнбү;

-Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 496-беренесинде каралган укук бузуулар боюнча;

 -иш боюнча кароо үчүн  жетиштүү материалдар барбы-жокпу?

-өтүнүч баш тартуу барбы.

    7. Комиссия укук бузуу боюнча ишти кароодо төмөнкүдөй чечим кабыл алат:

 1) ишти кароонун  убактысын жана ордун белгилөө жөнүндө;

 2) адамдарды чакыруу, иш боюнча зарыл болгон кошумча материалдарды суроо, экспертиза дайындоо жөнүндө;

3) ишти кароону  кийинкиге калтыруу;

4) ишти кароодо укук бузуулар боюнча туура эмес, толук эмес толтурулган протокол, же ыйгарым укуктуу кызматкер тарабынан түзүлбөгөн протоколду кайтаруу;

5) эгерде бул ишти кароо анын компетенциясына кирбесе, укук бузуу боюнча толтурулган протоколду үч жумушчу күндүн ичинде кароого берүү жөнүндө;

6) ыйгарым укуктуу органдын өкүлү Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексин бузган учурда ишти кароодон четтетет;

7) Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 508 беренесинде каралган жагдайлар болгон учурда ишти токтотот.

Аныктама КР Укук бузуучулар жөнүндөгү кодексинин 533-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-6-пунктарында каралган чечимдер аныктама түрүндө чыгарылат. Ушул берененин 1- бөлүгүнүн 7 жана 8-пункттарында каралган чечим токтом түрүндө чыгарылат.

 

     8. Укук бузуулар боюнча ишти кароодо комиссиянын төрагалары:

 

-Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин беренелеринии негизинде ким жоопкерчиликке тартылып жатканын, ишти ким карап жатканын, кандай иш каралууга тийиш экендигин жарыялайт;

-протокол түзүлбөгөн учурларды кошпогондо, жоопкерчиликке тартылган жеке же юридикалык жактын мыйзамдуу өкүлүнүн, ошондой эле ишти кароого катышкан башка адамдардын катышуусун күбөлөндүрөт;

-жыйынга катышкан жеке жана юридикалык жактардын, мыйзамдуу өкүлдөрдүн ыйгарым укугун, ким экендигин тастыктаган документтерин текшерет;

-жыйынга чакырылгандардын келбей калгандардын себебин аныктайт жана ишти алар жокто кароо же кароону кийинкиге калтыруу жөнүндө чечим чыгарат;

-ишке катышкан жеке жана юридикалык жактарга укук, милдеттерин түшүндүрөт;

 -баш тартуу жана өтүнүч арыздарын кабыл алат:

-укук бузуу боюнча чечимди ал эми зарыл болгон учурда иштин материалдарын жарыялайт;

Комиссиянын жыйынында өзүнө карата өндүрүш жүргүзүлүп жаткан жеке жана юридикалык жактын түшүндүрмөлөрү, укук бузуулары жөнүндө өндүрүшкө катышкан башка адамдардын көрсөтмөлөрү, адистин түшүндүрмөлөрү жана экеперттин корутундусу угулат, далилдер каралат.

     9. Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 568-беренесинин негизинде укук бузуу үчүн айып пулду мыйзамда белгиленген мөөнөттө ыктыярдуу тартипте төлөбөгөн жана анын эң көп өлчөмүнө жеткен учурда ыйгарым укуктуу орган (өндүрүп алуучу) туумду кошуп эсептөө жөнүндө токтом чыгарат жана мыйзамдар менен каралган тартипте мажбурлап аткартуу үчүн айып пул салуу жана туумдарды кошуп эсептее жөнүндө өз токтомун сот аткаруучусуна жөнөтөт.

     10. Укук бузуу боюнча ишти кароодо комиссия төмөнкүлөргө милдеттүү:

-укук бузууга жол берилгенби;

-укук бузуу боюнча протокол түзүлгөн жак күнөөлүбү;

-укук бузуу үчүн жеке жана юридикалык жактар жоопкерчилик тартабы же жокпу;

 -жоопкерчиликти жеңилдетүүчү жана оордотуучу жагдайлар барбы;

 -материалдык зыян келтирилгенби;

 -ишти туура чечүү үчүн маанилүү болгон башка жагдайлар барбы.

     11. Укук бузуулар боюнча каралып жаткан иштин чечимдери жыйынга катышкан комиссия мүчөлөрүнүн санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

Эгерде добуш тең болгон учурда комиссиянын төрагасынын, же төраганын орун басарынын чечими чечүүчү болуп саналат.

     12. Укук бузуу боюнча ишти карап. Комиссия төмөнкүдөй чечим чыгарат:

1) Айып салуу жөнүндө;

2) Иш боюнча өндүрүштү токтотуу жөнүндө.

Эгерде жеке жана юридикалык жактар айып төлөөдөн  баш тартса жана Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жонүндө кодексинин 35-беренесинде көрсөтүлгөн жазанын максималдуу чегине жетсе, комиссия айыпты өндүрүү жөнүндө чечим чыгарат.

13. Укук бузуу жөнүндө токтом төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:

-чечимди чыгарган ыйгарым укуктуу органдын аталышы;

-ишти кароо датасы;

-өзүнө карата иш каралып  жаткан адам жөнүндө маалыматтар;

-ишти кароодо аныкталган жагдайлар жөнүндө билдирүү;

-Кыргыз Республикасыньш Укук бузуулар жөнүндө кодексинин бул укук бузуу үчүн жоопкерчиликти караган беренесин көрсөтүүсү;

-иш боюнча кабыл алынган чечим;

-токтомдун көчүрмөсүн алгандыгы тууралуу кол коёт;

-укук бузуучунун  укуктары жана милдеттери түшүндүрүлгөндүгү тууралуу кол коёт. Укук бузуулар жөнүндө кабыл алынган чечимге комиссиянын төрагасы жана мүчөөлөрү кол коёт.

Эгерде Укук бузуу жөнүндө чечимге карата даттанылбаса, даттануу мөөнөтү өткөндөн кийин мыйзамдуу күчүнө кирет.

     14. Кабыл алынган чечим ишти кароо аяктагандан кийин дароо жарыяланат. Чечимдин көчүрмөсү үч күндүн ичинде ал чыгарылган жакка, ошондой эле жабырлануучуга тапшырылат же жөнөтүлөт же почта же башка байланыш каражаттары аркылуу көрсөтүлгөн дарек боюнча жөнөтүлөт.

  Токтомдун, чечимдин көчүрмөсү кол коюлуп тапшырылганда, делого тиркелет.

  15. Укук бузуулар боюнча иштерди кароодо комиссиянын жыйналышынын протоколу жүргүзүлөт, ал комиссиянын катчысы тарабынан түзүлөт. Катчы жок болгон учурда (кызматтык иш сапары. өргүүсү. оорусу, себептери) протоколду комиссиянын төрагалык кылуучунун тапшырмасы боюнча комиссиянын мүчөлөрүнүн бири жүргүзөт. 16. Укук бузуулар боюнча ишти кароо боюнча комиссиянын жыйналышынын протоколунда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

-Комиссиянын жыйналышынын датасы жана орду;

-Комиссиянын аталышы жана курамы;

-укук бузуулар боюнча каралуучу иштердин тизмеси;

-иштерди кароого катышкан адамдардын келгендиги жөнүндө, келбеген жактарды белгиленген тартипте кабарлоо жөнүндө маалымат (ар бир иш боюнча);

-баш тартуу өтүнүчтөр жана аларды кароонун жыйынтыгы ( ар бир иш боюнча);

-укук бузуулар боюнча ишти кароого катышкан адамдардын түшүндүрмөлөрү, өтүнүчтөрү жана корутундулары (ар бир иш боюнча);

-ар бир ишти кароодо изилденген иш кагаздар.

17. Укук бузуу боюнча иштин протоколуна комиссиянын төрагалары, комиссиянын бардык мүчөлөрү жана катчы кол коет.

18. Укук бузуулар боюнча чечимдерди аткаруу Кыргыз Республикасыньш Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 85-главасында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

6. Укук бузууларды каттоо

1. Укук бузуу жасагандыгы жөнүндө протокол түзүлөт. Карап  чыгуу комиссиясына тиешелүү укук бузуулар жөнүндө протокол түзүү укугу Кара-Бүргөн айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынан аныкталган ыйгарым укуктуу органдардын кызмат адамдарына жүктөлөт.

2. Протоколду түзүүнүн өзгөчө учурларын жана укук бузуу жөнүндө протокол түзүлбөгөн учурларды тариздөө Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 517, 519 жана 520-беренелерине ылайык жүргүзүлөт.

7 . Комиссияны иш кагаздарын жүргүзүү

1. Комиссиянын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча комиссиянын төрагасы жетекчилик кылат жана жоопкерчилик алат.

2. Каттоо жүргүзүлгөн журналдардын өз убагында аткарылышын жана маалыматтар боюнча катчы жоопкерчилик алат.

3. Укук бузуулар боюнча жыйындын катышуучуларына бардык зарыл болгон документтерди жөнөтүүнү комиссиянын катчысы ишке ашырат.

4. Укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча билдирүүлөр ишти кароо күнү дайындалгандан  кийинки күндөн кечиктирбестен жөнөтүлөт.

Жөнөтүлгөн билдирүү дарек ээсине жеткирилбеген учурда, комиссиянын катчысы анын берилбей калган себептерин токтоосуз түрдө аныктоого, бул. жөнүндө комиссиянын төрагасына билдирүүгө милдеттүү.

Комиссиянын жыйналышына келбеген адамдар үчүн кабарлоо бланкынын айрып алуу бөлүгү ишке тиркелет.

5. Эгерде тартип бузуучуга карата айып пул салуу түрүндөгү жаза колдонуу жөнүндө комиссиянын чечими кабыл алынса, катчы тартип бузуучуга токтомдун көчүрмөсүн, анда белгиленген үлгүдөгү ажыратуучу штрихти көрсөтүү менен банк, эсептик счет, коюлган берене менен берет.

6. Комиссиянын катчысы укук бузуулар боюнча каралган ишке тиркелген бардык документтерди хронологиялык тартипте, келип түшкөн тартипте ирээттейт.

Бардык документтер текстти көрүнүп тургандай файлга киргизилет.

7. Комиссия тарабынан каралган  баардык документтер катталууга тийиш.

 Укук бузуу жөнүндө иштин  номери каттоо журналы боюнча иштин катар номери менен келип түшкөн күнү, айы, жылы менен жазылат.

8. Укук бузуу боюнча протокол түзүүчү ыйгарым укуктуу органдар ай сайын комиссия менен каралган иштер боюнча маалыматтарды салыштырууну жүргүзөт. Комиссия ай сайын шаардык казынага айып пулдан түшкөн акча каражаттарын салыштырып текшерип турат.

9. Комиссия төмөнкүдөй журнал жргүзөт:

-укук бузуулар жөнүндө  иштердин реестри;

-айып салынган адамдардын реестри;

-аларга карата укук бузуу жөнүндө иш козголгон адамдарга жөнөтүлгөн билдирүүлөрдүн реестри.

Журналдар номерленген, тигилген, мөөр басылган болуу керек. Реестрдеги бардык жазуулар ачык кок же кызгылт кок боёк (фиолетовый) менен жасалат.

Журналдардын сактоо мөөнөтү-3 жыл, укук бузуулар боюнча иштер -5 жыл. Көрсөтүлгөн мөөнөт аяктагандан кийин алар инвентаризация боюнча архивге өткөрүлүп берилет.

Каттоо журналдары ички колдонууда болгондуктан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурлардан тышкары комиссиянын төрагасынын уруксаты менен берилет.

10. Комиссия Кыргыз Республикасынын Укук бузуу жөнүндө кодексине жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин бирдиктуу реестрине ылайык укук бузган жеке жана юридикадык жактарды каттоого алат жана кошумча укуктук жыйынтык чыгарат.