КАРА-БҮРГӨН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин кезексиз VII чакырылышынын 4-сессиясы
2023-жылдын 23-августу № 4/6
Кара-Бүргөн айылында 09.03.2023-жылы өтүлгөн элдик жыйында кабыл алынган тарифтерди бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” жана башка тиешелүү мыйзам актыларын жетекчиликке алып, Кара-Бүргөн айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Бүргөн айыл айылында 09.03.2023-жылы өтүлгөн жыйында талкууланып, кабыл алынган төмөндөгү тарифтер бекитилсин:
1.1 Талаачылык иштери боюнча:
Жазгы айдап-себүү өнөктүгүнө карата айдап-себүүчү техникалардын айдап себүүсү үчүн акысы төмөндөгүдөй өлчөмдө пайдалуу жагы жергиликтүү тургундарга сунушталсын:
Мурун айдалып жүргөн жерге 1га жер аянты үчүн: айдоо-1500 сом,малалоо-650 сом, себүү- 650 сом, жалпысы -2800 сом
Жаӊы айдалып жаткан жерге 1га жер аянты үчүн:айдоо-1600 сом, малалоо-600 сом, себүү- 600 сом, жалпысы -2800 сом
Ал эми ГСМ төмөндөгүдөй өлчөмдө сарпталат:1га жер аянты үчүн 50 литр. Шакап салууга 100сом жана 3литр күйүүчү май сарпталат.
Сугат акысы төмөндөгүдөй өлчөмдө пайдалануу жагы жергиликтүү тургундарга сунушталсын:: 1га жер аянты үчүн жер сугат - 1500 сом, кара-сугат - 2000 сом. Жалпысы - 3500 сом
Чөп чабык акысы төмөндөгүдөй өлчөмдө пайдалану жагы жергиликтүү тургундарга сунушталсын: 1га жер аянт чөп үчүн жатка акысы - 1300 сом.Пресс 1 даанасы үчүн - 11 сом
Айдоо аянттарын майкандап, тебелеп мал кирсе малдарын убагында карап айдап албаган мал ээлерине Кыргыз Республикасынын укук бузуулар мыйзамынын негизинде айып пул салынсын.
Жогорудагылардын негизинде тартип бузуулар болсо Кыргыз Республикасынын укук бузуулар мыйзамынын негизинде жоопко тартылсын.
1.2 Жайыт акы тарифи боюнча:
Кара-Бүргөн айылында жайыт акы төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин:
Жылкы-100 сом
Уй - 100 сом
Топоз - 100 сом
кой, эчки 20 сом
Бадачыларга мал багуу үчүн мал башына төмөндөгүдөй өлчөмдө акы алуу сунушталсын:
Ири мүйүздүү малга- 450 сом,
Жылкыга-450сом
майда жандык малга (кой,эчки,козу,улак) - 50 сом.
Көчүп-конуу убактысы 01-майга чейин орто жайлоолорго, 01-июндан 10-июнга чейин Арпа жайлоосуна кармоо жагы сунушталсын. Малдарды 1-октябрга чейин сырткы жайлоолордо кармоо жагы жергиликтүү тургундарга түшүндүрүлсүн.
Малдардын түрүнө жараш милдеттүү вакцинациялоо иштери өз убагында жүргүзүлүп турсун.
Өлгөн малдардын таштандысын Беккари чуңкуруна салуу ар бир мал ээсине милдеттендирилсин.
Айыл ичинде калган малдарга кесүү уюштурулсун. Жайлоолорго өз алдынча малдарды айдабастан бадаларга кошулсун.
Айыл ичиндеги айдоо аянттарга кирген, майкандаган малдар камалсын жана Кыргыз Республикасынын укук бузуулар мыйзамынын негизинде мал ээлерине айып пулдар салынсын.
Жогорудагылардын негизинде тартип бузуулар болсо Кыргыз Республикасынын укук бузуулар мыйзамынын негизинде жоопко тартылсын.
1.3 Таза суу иштери боюнча:
Колонкадан ичүүчү таза суу ташып ичүүчүлөр-90сом
Үйүнөн таза суу пайдалануучуларга -150 сом
1.4 Тазалык жыйымдары боюнча:
Тазалык жыйымы ар бир түтүнгө эсептелип, айына-50 сомдон бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
Айылдык кеӊешинин төрагасы |
Б. Кемелов |