Редакцияот 12.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин VIII чакырылыштагы кезексиз ХXXIII сессиясы

 

2023-жылдын 12-июлу № 33/1

Көк-Жаңгак шаардык мэриянын 11.07.2023ж №1-12/1026 кайрылуу каты жөнүндө

Көк-Жаңгак шаардык мэриянын 11.07.2023-жылдагы кайрылуу катынын жана шаардык кеңештин мыйзамдулук, укук коргоо, этика, мамлекеттик кызмат жана арыз маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 11.07.2023-жылдагы №22 протоколунун негизинде шаарды көрктөндүүрү, жашылдандыруу эрежелерин жана таштанды маселелерин чечуу боюнча коомдук угууда талкуланган тарифти карап чыгып, Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин (VIII чакырылыштагы) кезексиз XXXIII сессиясы

ТОКТОМ кылат:

1. Жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруунун типтүү эрежелерин жана Көк-Жаңгак шаарынын аймагында көрктөндүүрү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоонун эрежелеринин жалпы жоболору бекитип берилсин.

2. Коомдук угууда талкуланган таштанды маселесинин тарифи 1 жаранга 28 сом деп белгиленсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын Көк-Жаңгак шаарынын мэри Замирбек уулу Сыргака жана тиешелүү ишкананын жетекчисине милдеттендирилсин.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Көк-Жаңгак шаардык

кеңештин төрагасы:

 

З. Байдавлетов