Редакцияот 14.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ТАМЧЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Жергиликтүү депутаттарынын XXVIII чакырылган

Тамчы айылдык Кенешинин кезексиз   II  сессиясы

 

2024-жылдын 14-февралындагы № 6

 

Ички каналдарды суу чарба башкармалыгына өткөрүп берүү жөнүндө  

 

           Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370  “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү” жөнүндөгү    Жарлыгына ылайык, жергиликтүү депутаттардын XXVIII чакырылган Тамчы айылдык Кеңешинин  2023-жылдын 27-февралындагы II  сессиясынын чечиминин негизинде  Тамчы айылдык  Кеңеши токтом кылат:

 

  1. Чырпыкты, Кош-Көл айылдарындагы  ички каналдар, суу сактагычтар   Ысык-Көл райондук суу чарба башкармалыгынын   балансына өткөрүлүп берилсин.
  2. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы айылдык Кенештин жер маселеси, агрардык реформа, айыл чарба маселелери жана жартылыш ресурстарын пайдалануу боюнча туруктуу комиссия курамына тапшырылсын.
  3. Токтом  масссалык маалымат каражаттарына  жарыялансын жана Мамлекеттик-укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн  облусттук юстиция башкармалыгына жиберилсин

 

 

 Төрага                                                                                                    Э.А.Мамбетов