ТАМЧЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жергиликтүү депутаттарынын XXVIII чакырылган
Тамчы айылдык Кенешинин кезексиз II сессиясынын
2024-жылдын 14-февралындагы № 4
Бала - бакчалардын тамак – ашын ата - энелер төлөмүн көтөрүү жөнүндө.
Айылдык Кеештин кезексиз II сессиясынын күн тартибиндеги маселени депутаттар карап, тамак – аш азык - түлүктөрүнүн кымбатташынан улам ата – энелер жана бала - бакча жамаатынын сунуш – пикирлерин эске алып Тамчы айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Айыл аймактагы бала - бакчалардын тамак – ашынын ата – энелер төлөмү күнүнө 60 сом, айына 1200 сом өлчөмүндө бекитилсин.
- Айыл Өкмөтүнүн каржы бөлүмүнө балдардын тамак - ашы боюнча тарифине өзгөртүү киргизү жагы милдеттендирилсин.
- Токтомду көзөмөлгө алуу жагы «Бюджет, финансы, экономика, инвестиция тартуу жана орто чакан бизнести өнүктүрүү боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
- Токтом масссалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик-укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облусттук юстиция башкармалыгына жиберилсин
Төрага Э.А. Мамбетов