Редакцияот 15.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Ак-Суу районунун Кыдыр аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши

 

ТОКТОМ

 

I-чакырылышынын кезектеги 2-сессиясы

 

2024-жылдын 15-апрелиндеги №14

 

Кыдыр Аке айыл аймагында укук бузуулар жөнүндө иштерди караган айыл өкмөтүнүн комиссиясы жөнүндө жобону

бекитүү

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-январындагы  №35 “Укук бузуулар жөнүндө иштерди караган комиссиялар жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу”  токтомунун негизинде айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:

 

1. Кыдыр Аке айыл аймагында укук бузуулар жөнүндө иштерди караган айыл өкмөтүнүн комиссиясы жөнүндө жобо бекитилсин, тиркелет.

2.Токтом айыл өкмөтүнүн сайтына жайгаштырылып, юстиция органына Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.

        3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Ш.Кобонбаевге жүктөлсүн.

 

 

Төрага                                                        А.И.Алмабеков

 

 

 

 

 

                                                                         

 

 

 

 

 

 

 

Кыдыр Аке жергиликтүү кеңешинин

                                                           2024-жылдын 15-апрелиндеги

                                                             №14 токтому менен бекитилди

                                               

 

Кыдыр Аке айыл аймагында укук бузуулар жөнүндө иштерди караган

айыл өкмөтүнүн комиссиясы жөнүндө жобо

  1. Жалпы жоболор

1. Укук бузуулар жөнүндө иштерди караган комиссия жөнүндө ушул жобо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-январындагы №35 токтому менен бекитилген типтүү жобонун негизинде иштелип чыкты. Бул жобо комиссиянын түзүүнүн жана ишинин бирдиктүү тартибин аныктайт.

2. Комиссиянын милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

- укук бузуулар жөнүндө кароого келип түшкөн ар бир иштин жагдайын өз убагында, ар тараптуу, толук жана объективдүү аныктоо;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык укук бузуулар жөнүндө иштерди так чечүү;

- чыгарылган чечимдин аткарылышын контролдоо, ошондой эле укук бузууларды жасоого өбөлгө түзгөн себептерди жана шарттарды аныктоо.

3. Комиссия туруктуу иштөөчү коллегиалдуу орган болуп саналат, анын сандык жана жеке курамы жергиликтүү кеңештин чечими менен бекитилет.

4. Комиссиянын иши мыйзамдуулуктун, мыйзам алдындагы теңдиктин, күнөөсүздүктүн презумпциясынын, бузуу үчүн жоопкерчиликтин сөзсүз боло тургандыгын, адилеттүүлүктүн, жазаларды жекелештирүүнүн жана гуманизмдин принциптерине негизденет.

5. Комиссия өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексин, башка ченемдик укуктук актыларды жана ушул Жобону жетекчиликке алат.

2. Комиссиянын ишин түзүүнүн жана токтотуунун тартиби

6. Жергиликтүү кеңеш өздөрүнүн чечимдери менен укук бузуулар жөнүндө протоколдорду түзүүгө жана чечимдерди чыгарууга Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексте каралган учурларда жаза чараларын колдонууга ыйгарым укук берилген кызмат адамдарынын тизмесин аныктайт жана укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого туруктуу комиссияны түзөт.

7. Комиссия өзүнүн ишкердик, жеке жана моралдык сапаттары, ден соолугунун абалы боюнча комиссияга жүктөлгөн милдеттерди аткарууга жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын (кызматкерлеринин) ичинен түзүлөт.

8. Комиссия 3 төн 11 адамга чейин так санда түзүлөт, анын курамына комиссиянын төрагасы, мүчөлөрү, катчысы кирет жана төмөнкүлөрдөн түзүлөт:

- муниципалдык кызматчылар;

- аймактык муниципалдык органдардын өкүлдөрү (макулдашуу боюнча).

9. Төмөнкү адам комиссиянын мүчөсү боло албайт:

- ага карата кылмыш-жаза куугунтуктоосу (кылмыш-жаза иши) реабилитацияланбаган негиздер боюнча токтотулган, кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылган;

- ден соолугунун абалы медициналык корутундуга ылайык комиссиянын мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын аткарууга тоскоолдук кылган.

10. Комиссиянын ыйгарым укуктары жергиликтүү кеңеш тарабынан комиссияны түзүү жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып башталат жана комиссиянын жаңы курамы бекитилген учурдан тартып токтотулат.

11. Комиссиянын мүчөсүнүн ыйгарым укуктары жергиликтүү кеңеш тарабынан төмөнкүдөй учурларда токтотулат:

- комиссиянын мүчөсү - кызматчы өзүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө жазуу жүзүндө арыз бергенде;

- комиссиянын мүчөсүнө карата соттун айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде;

- соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими боюнча комиссиянын мүчөсү болуп саналган адам аракетке жөндөмсүз, аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген, дайынсыз жок болгон же каза болду деп таанылганда;

- комиссиянын мүчөсүнүн өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруусуна тоскоолдук кылган ден соолугунун абалы жөнүндө медициналык корутундусу болгондо;

- комиссиянын мүчөсү болуп саналган адам тарабынан мамлекеттик жарандык кызматчынын жана муниципалдык кызматчынын этикасын бузган жосун жасаганда;

- комиссиянын мүчөсү каза болгондо;

- комиссиянын мүчөсү Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашоого чыгып кеткенде;

- комиссиянын мүчөсү Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканда, ал Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкондо же чет мамлекеттин жарандыгын кабыл алганда;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жоюлганда;

- комиссиянын мүчөсү болуп саналган кызматчы бошотулганда, ротацияланганда (которуу же ордунан жылдыруу).

12. Комиссиянын жаңы мүчөсү комиссиянын мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып 10 жумуш күндөн кечиктирбестен бекитилет.

13. Комиссиянын ыйгарым укуктары, комиссия өз ыйгарым укуктарын аткарбаган же талаптагыдай эмес аткарган учурда жергиликтүү кеңеш тарабынан токтотулушу мүмкүн.

14. Комиссиянын жаңы курамы комиссиянын мурунку курамынын ыйгарым укуктары токтотулган күндөн тартып 10 жумуш күндөн кечиктирбестен түзүлөт.

15. Укук бузуулар жөнүндө иш өндүрүшүндө турган комиссиянын мүчөсү, эгерде ал төмөнкүдөй болгон учурларда аны карай албайт:

- укук бузуу үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адамдын же жабырлануучунун, алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн, жактоочунун же өкүлүнүн тууганы болсо;

- иштин чечилишине жеке, түз же кыйыр түрдө кызыкдар болсо.

Жогоруда көрсөтүлгөн учурлар комиссиянын төрагасынын жана мүчөсүнүн баш тартуусу үчүн негиз болуп саналат.