Ак-Суу районунун Кыдыр аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши
ТОКТОМ
I-чакырылышынын кезектеги 3-сессиясы
2024-жылдын 17-апрелиндеги №15
Кыдыр Аке айыл аймагынын схемалык картасы
жана чек ара баяндамасына макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 25-апрелиндеги №65 “Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу” Мыйзамынын 13-беренесинин негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Ак-Суу-Каракол филиалы тарабынан түзүлгөн Кыдыр Аке айыл аймагынын схемалык картасын карап, талкууга алып, айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
1. Кыдыр Аке айыл аймагынын схемалык картасы жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун көчүрмөсү Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.
3. Токтом айыл өкмөтүнүн сайтына жайгаштырылып, Мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн юстиция органына жиберилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын.
Төрага А.И.Алмабеков