Ак-Суу районунун Кыдыр аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши
ТОКТОМ
I-чакырылышынын кезектеги 3-сессиясы
2024-жылдын 19-апрелиндеги №18
Кыдыр Аке айыл аймагынын Эңилчек, Май Саз, Кең Суу, Эчкили Таш, Таш Короо, Алтын Булак, Көөлүү калктуу конуштарынын башкы мерчемин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-беренесинин 3-пунктунун негизинде Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитетектура институтунун Ысык-Көл филиалы тарабынан иштелип чыккан Кыдыр Аке айыл аймагынын Эңилчек, Май Саз, Кең Суу, Эчкили-Таш, Таш Короо, Алтын Булак, Көөлүү калктуу конуштарынын башкы мерчемин талкууга алып, айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
1. Кыдыр Аке айыл аймагынын Эңилчек, Май Саз, Кең Суу, Эчкили-Таш, Таш Короо, Алтын Булак, Көөлүү калктуу конуштарынын башкы мерчеми бекитилсин.
2. Токтом айыл өкмөтүнүн сайтына жайгаштырылып, Мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн юстиция органына жиберилсин
3. Бул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Ш. Кобонбаевге жүктөлсүн, көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын.
Төрага А.И.Алмабеков