ЛОГВИНЕНКО АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЛОГВИНЕНКО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 25-январы № 64/XXI-28
Логвиненко айыл өкмөтүнүн 2022-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жөнүндө
2022-жылга бекитилген жергиликтүү бюджеттин аткарылышы жөнүндө ФЭОнун башчысы З. Б. Акаеванын маалыматын карап, талкуулап, пикир алмашып.
Логвиненко айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бюджеттик каражаттарды кирешелер боюнча 25865,2 миң сом суммасында жана чыгашалар боюнча 21968,9 миң сом, анын ичинде атайын фонддор боюнча кирешелер 330,0 миң сом, чыгашалар боюнча 232,3 миң сомду түздү, 2022-жылга такталган бюджеттик пландын аткарылышы жөнүндө отчетту кабыл алынсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө өзүмө калтырам.
Логвиненко айылдык кеңешинин төрагасы |
К. М. Жонгучкаев |