ЛОГВИНЕНКО АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЛОГВИНЕНКО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 25-январы № 73/XXI-28
Калктуу конуштардын жерлерин айыл чарбалык эмес максаттар үчүн пайдалануунун зоналык коэффициентин жана короо-жай участокторун пайдалангандыгы үчүн жер салыгын бекитүү жөнүндө
Киреше боюнча башкы адис Ж.Т.Байсованын «Айыл чарбалык эмес калктуу конуштарды пайдалануунун зоналык коэффициентин жана короо-жай участокторун пайдалангандыгы үчүн жер салыгын бекитүү жөнүндө» маалыматын угуп, жогоруда айтылгандардын негизинде жана пикир алмашышты
Логвиненко айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Калктуу конуштардын жерлерин айыл чарбалык эмес максаттар үчүн пайдалануунун зоналык коэффициенти бекитилсин - 1.2.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы кирешелер боюнча башкы адис Ж.Т.Байсовага жүктөлсүн.
Логвиненко айылдык кеңешинин төрагасы |
К. М. Жонгучкаев |