ЛОГВИНЕНКО АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЛОГВИНЕНКО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 25-январы № 74/XXI-28
Калктуу конуштардын аймагынан таштандыларды чыгаруу акысын бекитүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-1 жана 12-2 беренелерине ылайык ошондой эле «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27 беренесинин 11-п негизинде, талкуулап жана пикир алмашып
Логвиненко айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Логвиненковский айыл аймагынын аймагына калктуу конуштардын аймагынан таштанды чыгаруу үчүн акы киргизилсин.
2. 2023-жылга калктуу конуштардын аймагынан таштанды чыгаруу үчүн төлөмдүн өлчөмү ар бир кызматкерге юридикалык жактардан 100 сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Айыл өкмөтү айыл аймагынын аймагында жайгашкан бардык юридикалык жактарды бул токтом менен тааныштыруу иштери жүргүзсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы кирешелер боюнча башкы адис Ж.Т.Байсовага жүктөлсүн.
Логвиненко айылдык кеңешинин төрагасы |
К. М. Жонгучкаев |