ЛОГВИНЕНКО АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЛОГВИНЕНКО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 25-январы № 75/XXI-28
Логвиненко айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар Бирикмесинин 2023-жылдын бюджетин бекитүү жөнүндө
Логвиненко айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесине жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө” маалыматын карап.Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” мыйзамынын 4 беренесинин негизинде, Логвиненко айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жалпы чогулушунун 10.01.2022 жылдагы №1 протоколу жана чечими жайыт жерлеринин, натыйжалуу жана сарамжалдуу башкарууну жана пайдаланууну камсыз кылуу максатында, бекитүү жөнүндө талкуулап жана пикир алмашып
Логвиненко айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыт комитетинин 2023-жылга жайыттарды пайдалануу үчүн акы төлөөгө сунушталган бюджетин төмөнкүдөй өлчөмдөрдө бекитилсин:
- Бодо малга - 80,0 сом бир мал башына.
- Жаш бодо малга - 65,0 сом бир мал башына.
- Жылкыга - 100,0 сомдон бир мал башына.
- Майда малга - 20,0 сом бир мал башына.
- башка айыл өкмөттөрдүн тургундарына 2023-жылга жайыттарды пайдалангандыгы үчүн төлөм - үч эселенген төлөм.
2. ЖК төрагасынын айлык маянасы 3500 сомду түзөт. ЖКБнын бухгалтеринин айлык акысы 3000 сом. Объездчиктин айлык акысы - келишим боюнча. Эмгек акы фонду 2023-жылдын 1-мартынан 2023-жылдын 31-октябрына чейин акча каражаттарын кассага алгандан кийин чегерилет. 2023-жылга башка чыгашалар - 20 000 сом.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жайыт комитетин төрагасы Д. Бейшеналиевге жүктөлсүн.
Логвиненко айылдык кеңешинин төрагасы |
К. М. Жонгучкаев |