Редакцияот 02.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЛОГВИНЕНКО АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЛОГВИНЕНКО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 2-февралы № 76/XXII-28

Жер аянтын трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлунун № 145 “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13-берениесинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 сандуу токтомун жетекчиликке алып, Жер аянттарды которуу боюнча райондук комиссиясынын корутундусунун жана Логвиненко айыл өкмөтүнүн сунушунун негизинде жер аянтын которууга (трансформациалоого) макулдук берүү боюнча

 

Логвиненко айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  Логвиненко айыл өкмөтүнүн 459 контурунда жайгашкан 5,0 га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер”категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин.

 

2.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Логвиненко айылдык кеншинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына жүктөлсүн.

 

Логвиненко айылдык

кеңешинин төрагасы

 

К. М. Жонгучкаев