Редакцияот 04.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги XIX сессиясы

 

2023-жылдын 4-апрели № 19-5

Кызыл-Кыштак айыл аймагынын “Аймактык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясын” (АКИАны) жергиликтүү кеңеште эсептик каттоого алуу  жөнүндө 

 

            Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги XIX сессиясы, күн тартибиндеги: Кызыл-Кыштак айыл аймагынын “Аймактык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясын” (АКИАны) жергиликтүү кеңеште эсептик каттоого алуу  жөнүндөгү”, АКИАнын аткаруу комитетинин төрагасы А.С. Маданбековдун 16.02.2023-жылдагы   өтүнүч кат боюнча, айылдык кеңештин “социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, регламент жана коомдук  уюмдар боюнча туруктуу комиссиясынын”2023-жылдын 20-февралындагы отурумундарынын № 2- протоколун  карап чыгып, талкуулап  токтом кылат:

1. Айылдык кеңештин “социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, регламент жана коомдук  уюмдар боюнча” туруктуу комиссиясынын2023-жылдын 20-февралындагы отурумунун 2- протоколунун  чечими бекитилип,  Кызыл-Кыштак айыл аймагынын “Аймактык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясы” (АКИА) каттоого алынсын.

2. Кызыл-Кыштак айыл аймагынын “Аймактык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясы” (АКИА) өзүнүн Уставынын 7-пунктуна ылайык аткарган иштери боюнча айылдык кеңешке отчет берүү жүктөлсүн.

3. Бул токтомду аткаруу Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнө жана Кызыл-Кыштак айыл аймагынын “Аймактык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясына” (АКИАга) жүктөлсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин, “социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, регламент жана коомдук  уюмдар боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин төрайымы

Д.Д.Рахманова