КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги XIX сессиясы
2023-жылдын 4-апрели № 19-9
Айылдык кеңештин, “бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү, инвестициялар жана мыйзамдуулук боюнча” туруктуу комиссиясына келген кайрылуулар боюнча отурумунун протоколун бекитүү жөнүнүндө
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги XIX сессиясы, күн тартибиндеги: Айылдык кеңештин, “бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү, инвестициялар жана мыйзамдуулук боюнча” туруктуу комиссиясына келген кайрылуулар боюнча отурумунун протоколун бекитүү жөнүндөгү“ маселедеги: Айылдык кеңештин депутаттары О.Токторалиева жана Г.Мирзакаримовалардын 01.03.2023-жылдагы, “Тамак-аш азыктарынын баасы ашып жаткадыктан, бала бакчалардагы ар бир балага жергиликтүү бюджеттен 400,0 сомдон акча ажыратуу жөнүндөгү арызы” боюнча туруктуу комиссиясынын 30.03.2023-жылдагы отурумунун № 2-протоклунун чечимин карап чыгып, талкуулап
токтом кылат:
Айылдык кеңештин, “бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү, инвестициялар жана мыйзамдуулук боюнча” туруктуу комиссиясынын 30.03.2023-жылдагы отурумунун № 2-протоколунун чечими бекитилип:
1. Кызыл-Кыштак айыл аймагындагы мектепке чейинки билим берүү мекемелерниндеги (МЧББМ), тарбиялануучу ар бир балага жергиликтүү бюджеттен тамак-ашына каралуучу акча каражаты 400,0 сомдон бекитилсин.
2. Бул токтомду аткарууга алуу айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө, айылдык кеңештин, “бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү, инвестициялар жана мыйзамдуулук боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин төрайымы | Д.Д.Рахманова |