КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2024-жылдын 12-февралы № 55
Автотранспорт каражаттарын муниципалдык менчикке өткөрүп берүү жөнүндө
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында, "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик белгиленген тартипте автотранспорт каражаттарын муниципалдык менчикке тиркемеге ылайык өткөрүп берсин.
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына белгиленген тартипте төмөнкүлөр сунушталсын:
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн автотранспорт каражаттарын муниципалдык менчикке кабыл алсын жана аларды жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын чегинде күтүүнү камсыз кылсын;
- автотранспорт каражаттарын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык транспорт каражаттарын каттоо органдарында кайра каттоодон өткөрсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | А.У. Жапаров |
Муниципалдык менчикке өткөрүп берилүүчү автотранспорт каражаттары
Автомобилдин маркасы | Чыгарылган жылы | Кузовдун номери | Кимге берилет |
Тойота-Карола | 2009 | RKLBZ42Е7А7502417 | Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Көк-Жаңгак шаарынын мэриясы |
Тойота-Карола | 2012 | RKLBV42ЕС4445458 | Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Көк-Жаңгак шаарынын мэриясы |
Chevrolet Captiva | 2023 | LZWADAGA1PВ031783 | Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын мэриясы |
Тойота Камри | 2007 | 6T1BE42K87X451622 | Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кербен шаарынын мэриясы |