ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Токмок шаардык кеңешинин V чакырылышынын кезекcиз XXXIII сессиясы
2024-жылдын 17-апрели №203/33-5
Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан өткөрүлүп берилип жаткан 7 даана автобусту Токмок шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын балансына кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө
Токмок шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 15-апрелиндеги №1-22/1169 кайрылуусун карап чыгып, Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү боюнча муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун протоколунун негизинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жана Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан өткөрүлүп берилип жаткан 7 даана автобусту Токмок шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын балансына кабыл алууга макулдук берилсин.
2.Кабыл алган автобустарды ишке киргизүүгө макулдук берилсин.
3.Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү боюнча муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.М. Сансызбаев |