Редакцияот 17.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Токмок шаардык кеңешинин V чакырылышынын кезекcиз XXXIII сессиясы

2024-жылдын 17-апрели №204/33-5

Токмок шаары, XXIV Партсъезд көчөсү, 3-кичи райондун түндүк тарабында жайгашкан аянты 0,89 га муниципалдык жер тилкесин чексиз колдонууга “Унаа” мамлекеттик мекемесинин Чүй-Кемин райондук башкармалыгына өткөрүп берүүгө жана ушул жер тилкесинин зоналдык категориясын Р-2 зонасынан Ц-2 зонасына которуу жана “Токмок шаарынын курулуш жана жерди пайдалануу эрежелеринин” 25-беренесине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө макулдук берүү жөнүндө

Токмок шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 15-апрелиндеги №1-22/1175 катынын, “Токмок ш. курулуш жана жер пайдалануу” боюнча комиссиясынын протоколунун, ошондой эле Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү боюнча муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын протоколунун негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын, Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

 

1.Токмок шаары, XXIV Партсъезд көчөсү, 3-кичи райондун түндүк тарабында жайгашкан аянты 0,89 га муниципалдык жер тилкесин чексиз колдонууга “Унаа” мамлекеттик мекемесинин Чүй-Кемин райондук башкармалыгына автоцонунун имаратын куруу үчүн өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.

2.“Токмок ш. курулуш жана жер пайдалануу эрежелеринин” 25-беренесине төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:

-Токмок шаары, XXIV Партсъезд көчөсү, 3-кичи райондун түндүк тарабында жайгашкан аянты 0,89 га муниципалдык жер тилкесинин зоналдык категориясы Р-2 (рекреациялык жана ландшафттык аймактардын зонасы) Ц-2 зонасына (жергиликтүү тейлөө жана соода иш-аракет борборунун зонасы) которулсун.

3.Бул токтом Токмок шаардык кеңешинин сайтына жарыялансын.

4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү боюнча, муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

Т.М. Сансызбаев