ИВАНОВКА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ИВАНОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 5 марты № 37/VIII-28
Ивановка айыл өкмөтүнө караштуу айыл чарба багытындагы жер тилкелерин (үлүшүн) которуу жөнүндө
«Ивановка айыл өкмөтүнө караштуу айыл чарба багытындагы жер тилкелерин (үлүшүн) которуу жөнүндө» Боогачиев Таалайбек Орумпоровичтин арызын жана даярдалган материалдарды карап жана талкуулап, Ивановка айыл кеңешинин жер комиссиясынын чечиминин, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 14 беренесине ылайык,
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Боогачиев Таалайбек Орумпоровичтин №1237 контурунда жайгашкан жеке менчик жер тилкесин (үлүшүн) жалпы аянты 2,50 га болгон сугат айдоо жерди № 1261 контуруна которууга уруксат берилсин.
2. 1,00 га кайрак айдоо жер тилкесин (үлүшүн) № 1271 контурунан №839 контуруна которулсун.
3. Кайра мамлекеттик каттоодон өтүшүн Боогачиев Таалайбек Орумпоровичке тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын жер маселелерди караган туруктуу жер комиссиясынын көзөмөлүнө алынсын.
Төрага |
| Э. Д. Усупов |