Редакцияот 17.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Көк-Ой айылдык аймагынын 9 - чакырылышынын 24 - сессиясы

 

2023-жылдын 17-февралындагы № 24

 

«Көк-Ой айылдык аймагынын 2023 – жылдын бюджетин бекитүү жана 2022 – жылдын бюджетин аткарылышын кабыл алуу жөнүндө»

Көк-Ой айылдык аймагынын 9 - чакырылышынын 24 - сессиясы

 

Токтом кылат:

 

1. Көк-Ой айылдык аймагынын 2022-жылдагы жерилигиктүү бюджетинин аткарылышы канааттандырарлык деп табылсын.

2. Көк-Ой айылдык аймагынын 2023ж. бюджетинин киреше бөлүгү боюнча

19055,9 миң сом өлчөмүндө жана чыгашалар боюнча 19055,9 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.

3. Атайын каражат төлөмдөрү киреше жана чыгаша булактары 2816,0 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.

4. Көк-Ой айылдык аймагынын 2023ж. бюджетинин киреше бөлүгү №1 тиркемеге ылайык киреше түшүүчү каражаттардын эсебинен түзүлө турганы аныкталсын.

5. Көк-Ой айылдык аймагынын 2023ж. чыгаша бөлүгү №2 тиркемеге ылайык бөлүмдөргө ылайык белгиленип бекитилсин.

6. Көк-Ой айылдык аймагынын 2023ж. бюджеттин накталай кассалык жүгүртү акча каражаттарынын көлөмү №3 тиркеменин негизинде белгиленип бекитилсин.

7. Көк-Ой айылдык аймагынын 2023ж. бюджетинин чыгаша бөлүгү боюнча жалпы өлчөмү №4 тиркемеге ылайык белгиленип бекитилсин.

8. Көк-Ой айылдык аймагынын 2023ж. бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн эсептери №5 тиркемеге ылайык белгиленип бекитилсин.

9. 2023ж. карата Көк-Ой айылдык аймагынын бюджетинин көлөмүнөн 2%дан кем эмес резервдик фонд түзүлсүн 200,0 миң сом жана КР 2018ж 24-майындагы №54 «Жарандык коргоо боюнча» (МЧС) 240,2 мин сом акча каражатты бекитилсин.

10. Көк-Ой айылдык кенешинин аймагынын айылдык Кенешинин кабыл алынган токтомдору туура жана так аткарылышына көзөмөл жүргүзүү айылдык Кенештеги «Айыл чарба, экономикалык реформаларын жүрүшү жана бюджет» боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

11. 2023ж. социалдык экономикалык өнүгүү планы бекитилсин.

12. 2024 – 2025-жылдын бюджетинин көлөмүнүн 2024-жылга 27 828,9 миң сом, 2025- жылга –29 488,9 миң сом болжолдуу түрдө бекитилсин.

13. Кыргыз Республикасынын салык Кодексинин негизинде жергиликтүү бюджетти кирешелер бөлүгүн чындоо максатында төмөндөгүдөй салыктар жана жыйындар киргизилсин жана алардын статьялары төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин:

Жергиликтүү салыктар:

а) жалпы мамлекеттик салыктар “Кыргыз Республикасынын 2023-жылга республикалык бюджети жана 2024-2025-жылдарга болжолу жөнүндө” КР Мыйзамынын негизинде Көк-Ой айыл аймагынын жергиликтүү бюджетине салык агентиги тарабынан төлөнүүчү киреше салык 100 пайыз өлчөмүндө түшүүсү, ыктыярдуу патенттин негизинде алынуучу салык, милдеттүү патенттин негизинде алынуучу салык 100 пайыз өлчөмүндө түшүүсү белгиленсин.

б) айыл чарба багытында алынуучу жер салык ар бир гектарга сугат жерлерге 308,88 сом, кайракы жерлерге 52 сом 50 тыйын, көп жылдык бак-дарактар 164 сом, шаалба жерлерге 11 сом, жайыт жерлерге 4 сом 80 тыйын өлчөмүндө Салык Кодексинин 341 ст. негизинде бекитилсин.

в) айыл чарба эмес жерлерден алынуучу салык, Салык Кодексинин 341-339 ст. ылайык бекитилсин.

г) короо жай жана участок тараптан алынуучу жер салык 1 кв.м 0,10 сом өлчөмдө Салык Кодексинин 338 ст. негизинде бекитилсин.

14. Көк-Ой айыл аймагынын мекеме уюмдары жыл ичинде каржылоого, чыгымдарына зарыл болгон учурда, бир бөлүмдөн экинчи жана статьядан статьяга чейректен чейрекке жылдыруу жагы Көк-Ой айыл аймагынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысына А.Рысбековага жүктөлсүн.

15. 2023 – жылдан баштап Ата – энелер төлөмү боюнча ар бир балага 800 сомдон, ал эми Тай-Кулук жана Асел б/б ремонт иштери үчүн ар бир балага 340 сомдон бекитилсин.

16. Көк-Ой айылдык аймагынын айылдык Кенешинин 9 – чакырылышынын 24- сессиясында токтомунун негизинде 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча колдонулбай калган 8 831 647 миң сом эркин акча каражат белгиленип бекитилсин.

17. Айыл аймагынын мекеме уюмдары жыл ичинде каржылоо чыгымдарына зарыл болгон учурда бир бөлүмдөн экинчи жана статьядан статьяга 5%га чейин жылдыруу жагы Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 109-беренесинин негизинде жүргүзүлсүн.

18. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы Көк-Ой айыл аймагынын айылдык Кенешинин алдындагы бюджет комиссиясынын төрагасы М. Аширалиевке жүктөлсүн.

 

 

Көк-Ой айылдык аймагынын айылдык Кенешинин төрагасы:

 

К. Джусупбеков