БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Балыкчы шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын xv сессиясы
2024-жылдын 22-апрелиндеги № 5
Балыкчы шаардык кеңешинин “Суу түтүкчөлөр” МИ нын
шаар жашоочуларынын пайдаланган таза сууга жана ыплас агынды сууларга болгон тарифи жөнүндө токтомдорун жокко чыгаруу жөнүндө
“Суу түтүкчөлөр“ МИ нын кызмат көрсөтүүдөгү эсеп-кысабын, экономикалык абалын Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция Министрлигине караштуу монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ысык-Көл облустук бөлүмүнүн макулдашуусуна ылайык жана шаар калкынын пайдаланган таза ичүүчү сууга болгон төлөм наркы (тарифи) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-ж. 7-февраль айындагы “Пилоттук режимде административдик аймактык реформа мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу” жөнүндө № 52 токтомунун убактылуу жобосунун 9-пунктуна ылайык, шаарлардын мэрлерине кошумча ыйгарым укуктар берилгендигине байланыштуу жогорулатылып жаткандыгы билдирилген. Ошондой эле “Суу түтүкчөлөр” МИ нын шаардагы, шаар аймагына кошулган айыл конушундагы сууга болгон төлөмдөр боюнча маселеси экономикалык кымбатчылык шартка карата келип чыккандыктан Балыкчы шаар мэриясынын № 01-18/8891 11.03.2024-жылдагы кайрылуусунун негизинде социалдык өнүгүү, укук коргоо жана мыйзамдуулукту сактоо боюнча депутаттык туруктуу комиссиясынын сунушуна ылайык карап, талкуулап, Балыкчы шаардык Кенешинин сессиясы токтом кылат:
1. Балыкчы шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын 13-март 2023-жылдагы XV сессиясынын № 5 токтому менен кабыл алынган “Суу түтүкчөлөр” МИ нын “шаар жашоочуларынын пайдаланган таза сууга жана ыплас агынды сууларга болгон тарифи“ жөнүндө кабыл алынган токтому жокко чыгарылсын.
2. Балыкчы шаардык Кеңешинин мамлекеттик тилде кабыл алынган тийиштүү ченемдик укуктук актыcы Ысык-Көл областтык юстиция башкармалыгынан кайра каттоодон өтүү жагы суралсын.
3. Мамлекеттик кайра каттоо жөнүндөгү чечимде, андагы көрсөтүлгөн маалыматтардын анык экендиги жана мыйзамда белгиленген учурларда юридикалык жакты кайра каттоо маселелери тийиштүү мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгын ырастайт.
4. Кабыл алынган токтом “Балыкчы” газетасына, интернет сайтына жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кенештин социалдык өнүгүү, укук коргоо жана мыйзамдуулукту сактоо маселелери боюнча туруктуу комиссияга шаардык Кенештин аппаратына тапшырылсын.
Кенештин төрагасы Ж.М. Абдразаков