КЫШТУТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыштут айылдык округунун Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги II сессиясы
2024-жылдын 19-апрели № 11
Жер аянтын которууга (трансформациялоо ) макулдук берүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын “Жер кодексине” Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлдагы Жер учостокторун которуу (трансформациялоо ) жөнүндөгү мыйзамынын негизинде Кыштут айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги II сессиясы
Токтом кылат:
2. Кыштут айыл аймагына караштуу Газ айылына тоок ферма куруу үчүн № 1717 контурундагы жалпы аянты 2.5 га жайыт жер аянтын айыл чарбасынын жерлери категориясынан ѳнѳр жайынын , транспорттун, байланыштын, энергетиканын коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер категориясына которууга макулдук берилсин.
3.Ушул токтомдун негизинде тийиштүү иш кагаздарын толуктап бүтүрүү жагы Кыштут айыл өкмөтүнүн башчысы А. Эркебаевге милдеттендирилсин.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеӊештин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | С.Суйунов |