МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Момбеков айылдык кеңешинин XXVVIII чакырылышынын XXV сессиясы
2024-жыл 04-апрели №5
«Менчик мал багарлардын жана ветеринардык сервиздин малдарды эмдөө үчүн 2024-жылга карата кызмат акысын бекитүү жөнүндө»
Момбеков айыл өкмөтүнүн ветеринардык иснпектору А Орозовдун маалыматын угуп жана талкуулап, Момбеков айылдык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын 25-сессиясы токтом кылат:
- Ветеринардык сервисдин малдарды эмдөө үчүн кызмат акысы төмөндөгүдөй болуп бекитилсин:
1) Кара малга бир баш 70 сом
2) Кой, эчкиге бир баш 20 сом
3) Жылкыга чип басуу бир баш 150 сом
4) Кар малга бирка басуу бир баш 80 сом
5) Жылкыгыа ийне саюу,
кан алуу бир баш 70 сом
6) Тоок бир баш 10 сом
- Айыл аймагындагы менчик мал багарларга мал жандыктарын алууда малдын эмделгендиги тууралуу ветеринардык инспекторлордон Ф1-а маалымат тактамасын алып, менчик мал багарларга тапшыруу жагы айыл тургундарына жүктөлсүн.
- Момбеков айыл өкмөтүнүн 2023-жыл 23-мартындагы жалпы Элдик жыйынынын № 2 протоколунун негизинде менчик мал багарлардын көрсөткөн кызмат акысы төмөндөгүдөй болуп бекитилсин :
1) Кара малга бир баш 700 сом
2) Кой, эчкиге бир баш 160 сом
(малдардын тузу, жайыттын ижара акысы ичинде)
- Малдарды жайлоодон келгенден кийин бекитилген баа менен мал ээлери менен эсептешүү жагы менчик мал багарларга жүктөлсүн.
- Менчик мал багарлардын жана ветеринардык сервиздин малдарды эмдөө үчүн жана менчик мал багарлардын бекитилген кызмат акысы боюнча маалыматты жер-жерлерде менчик мал багарларга жана айылдын тургундарына жеткирүү жагы жеке ветеринардык инспекторлорго жана айыл башчыларына жүктөлсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн орун басары З.Тиллебаевге жүктөлүн.
Айылдык кеңештин төрагасы |
И.Абдыразак уулу |