ТАЛДЫ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Талды-Суу айылдык Кенешинин 7- чакырылышынын кезексиз 21-отуруму
2023-жылдын 27-ноябры № 21/2
Талды-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Сары-Могол, Кургак, Көк-Булак айылдарын «айыл» категориясынан чыгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2023-жылдын 23-октябрындагы № 01-13/465 сандуу катында «Кыргыз Репсубликасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин талаптарына туура келбеген, туруктуу эл жашабаган айылдарды «айыл» категориясынан чыгаруу сунушталган. Жогорудагынын негизинде Талды-Суу айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Ош облусунун Алай районунун Талды-Суу айыл аймагындагы Кургак айылында калк жашабайт. Кургак айылында такыр эл жашаган эмес, азыркы учурда да жашабайт, Кургак аталышында айыл жок, жайлоо, кыштоо катарында пайдаланылган жайыт жер. Келечекте адамдар көчүп барып жашабайт, себеби түздүк эмес, суу жок жайыт катарында пайдаланылган жер болгондуктан, Кургак айылы (41706 207 838 04 0) «айыл» категориясынан чыгарылсын.
2. Ош облусунун Алай районунун Талды-Суу айыл аймагындагы Көк-Булак айылында калк жашабайт. Көк-Булак айылында такыр эл жашаган эмес, азыркы учурда да жашабайт, Көк-Булак аталышында айыл жок, жайлоо, кыштоо катарында пайдаланылган жайыт жер. Келечекте адамдар көчүп барып жашабайт, себеби түздүк эмес, суу жок жайыт катарында пайдаланылган жер болгондуктан, Көк-Булак айылы (41706 207 838 03 0) «айыл» категориясынан чыгарылсын.
3. Ош облусунун Алай районунун Талды-Суу айыл аймагында Сары-Могол аталышында айыл жок. Сары-Могол аталышында жайлоо же башка жер участогу да жок, ошондуктан Сары-Могол айылы (41706 207 838 05 0) «айыл» категориясынан чыгарылсын.
4. Талды-Суу айыл аймагындагы Көк-Булак, Кургак, Сары-Могол айылдарын «айыл» категориясынан чыгаруу жагы Алай райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясынан суралсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу туруктуу комиссияга жана Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Д.Таевге тапшырылсын.
Төрага |
| Н.Койчуман уулу |