Редакцияот 25.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы

 

2024-жылдын 25-марты № 31

 Баткен    шаарынын Сайдиман ажы жана И.Панфилов көчөлөрүн бир багытта жүргүзүүгө макулдук берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү  өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө 2021-жылдын 20-октябрындагы  №123 Мыйзамынын 27-беренесинин 2-пунктуна, Баткен шаар  мэриясынын 2024-жылдын                 27-февралындагы  №01-13/700 катынын,   Баткен шаардык Кеңешинин  Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, суугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 15-марттагы  кортундусунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги   XXIII сессиясы Токтом кылат:

 

1. Баткен  шаарынын Сайдиман ажы көчөсү:  батыштан-чыгышты карай (М.Нургазыев көчөсүнөн-М.Салихов көчөсүнө) бир багыттуу,

- И.Панфилов көчөсү:  чыгыштан-батышты (Салихов көчөсүнөн М.Нургазыев көчөсүнө)    карай бир багыттуу автомобилдик  жол кыймылдары жүргүзүлүүгө макулдук берилсин.

2.Шаар калкына шаардык Кеңештин расмий сайты аркылуу жеткирилсин.

3.Токтом мамлекеттик каттоого киргизүү  үчүн Баткен облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, суугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Абдиматов Н/ тапшырылсын.

 

 

 

 

Төрага

А.Аширов